Menu

Жыпариса Рысбекова

Министрлер Кабинети Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда баланын сабалышына тийиштүү окуяны өзгөчө көзөмөлгө алды

Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуя Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карай зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган.

Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден-соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушту.

Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн укту.

Жыпариса Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирди.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен аракетсиздигинен улам бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Жыпариса Рысбекова Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Эске салсак, жакында Богдан Якунин Мамлекет башчысына видео-кайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушу жөнүндөгү ишти көзөмөлгө алууну суранган.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын төрагалыгы астында бүгүн, 16-июнда, тиешелүү министрликтердин жетекчилери, балдардын укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда кеңейтилген көчмө кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кеңешменин катышуучулары Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу И. Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын карашып, жарандык активисттердин суроолоруна жооп беришти.

И. Якуниндин өлүмүн иликтөөнү, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракетсиздигинен улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилигин кароону өзгөчө көзөмөлгө алуу чечими кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Ошондой эл болуп өткөн трагедияга байланыштуу, Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганы Б. Якунинге психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды.

Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөгө алып, мыйзам чегинде өз убагында бардык чараларды көрүү сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча комиссиянын тийиштүү чечими кабыл алынат.

Меню