Menu

Зомбулук

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган. Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Майлуу-Суу шаарында сүйлөшүп жүргөн 42 жаштагы кызын сабаган 32 жаштагы жигит кармалды

Майлуу-Суу ШИИБге 42 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 20-февралына караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити уруп денесине жараат келтиргендигине арызданган. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
 Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
 Майлуу-Суу ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун тургуну 1991-ж.т. К.А. Токтогул районунан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жашар кыздын муунтуп өлүтүрүлүшү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.

“Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп жазган президент Жапаров.

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын пайда кылды. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган. Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.

Ошто кыздарга карата зомбулукту токтотуу талабы коюлган акция өттү

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү.

Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, “13 жашар кыз… Дагы ким?”, “Кыргызда кыз ыйык!”, “Кайдыгер болбо!”, “Укук кордоочубу?” деген жазууларды кармап турушту.

Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

Эрбол Султанбаев, КР Президентинин пресс-катчысы: "13 жашар секелек кызга зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлери камакта, сотто адилеттүү жаза берилет"

КР Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында 13 жашар кыздын 2 милиция кызматкери жана 2 жаран тарабынан жарым жыл колдон-колго өтүп, зордукталып жүрүшү боюнча билдирүү таратты:
13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.
Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.
Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт.
Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт”, – деп жазат Эрбол Султанбаев.

13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иш бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө турат

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

Алсак, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата башкоргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат.

Өз кезегинде Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.

Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл бурууну сунуштады.

ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүп, министрдин отставкасы талап кылынууда

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында бүгүн 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өтүп жатат. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынууда.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акциянын максатын бул окуядагы айыптууларды жазага тартууга, мындай кылмыштарды алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети менен түшүндүрдү:

“Коомчулук мындай иштерге кайдыгер карабай, жок дегенде сөзүбүз менен айтып, министрге, прокуратурага суроолорубузду берип, сотко да көзөмөл салып турушубуз керек”.

2-июлда жергиликтүү ЖМКлар милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө маалыматтары жарыялашкан. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылганын ИИМ быйыл 4-мартта билдирген.

Чүй районунда аялын сабап өлтүргөн 64 жаштагы жаран кармалды

2021-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Чүй районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Дароо окуя болгон жерге Чүй РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда каза болгон жарандын өзүгү аныкалып, ал 1958-жылы туулган Т.С.  экендиги такталып, жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.
Милиция кызматкерлери тарабын жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы Т.А. ата-энесинин үйүнө келип жансыз денени көрүп калганы маалым болгон. Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1957-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Министрлер Кабинети Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда баланын сабалышына тийиштүү окуяны өзгөчө көзөмөлгө алды

Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда 9 жашар баланын сабалышына тийиштүү окуя Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иштин бардык жагдайлары жөнүндө маалымат берүүнү жана иликтөө алкагында балага карай зомбулукка жол берген жактардын аракеттерине гана эмес, кызматтык милдетине толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүү маселеси кирген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматтык жактарынын аракеттерине (аракетсиздик) карай да укуктук баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Белгилесек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган.

Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден-соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон.

Меню