Menu

Акылбек Жапаровдун ар намысына шек келтирген Nazarnews.org сайтын эки айга жабуу чечими кабыл алынды

Бөлүшүү:

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Nazarnews.org сайтынын ишин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык эки айга токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 19-октябрда “Азаттыкка” аталган министрликтен кабарлашты.

Мекеме билдиргендей, Интернеттеги маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүлүп, бул сайтта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү макала жарыяланганы аныкталган.

“Министрлик Nazarnews.org сайтына ошол маалыматты алып салуу тууралуу эскертүү жөнөткөн. Эскертүү аткарылбаганына байланыштуу мыйзамдын талаптарына ылайык аталган сайт ээсине карата маалыматты өчүрүп салуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жиберилген. Министрлик жөнөткөн чечим аткарылган эмес”, – деп айтылды маалыматта.

11-октябрда Nazarnews.org сайтына “Акылбек Жапаров качан “каралар” сыяктуу кечирим сурайт болду экен?” деген макала жарыяланган. Анда Жапаров тууралуу “Кыргызстанды 32 жылдан бери тоноп, ичип-жеген коррупционер аткаминерлердин ар бирин кечирим суратып, болгон мүлкүн мамлекетке конфискация кылса, эл колдомок” деп жазылган.

Өкмөт башчы өзү бул боюнча пикирин билдире элек.

13-октябрда министрлик сайт ээсине жөнөткөн катта аталган маалымат сайттан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесиндеги “Кыргызстандын интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматты жайылтууга жол берилбейт” деген нормага байланыштуу алынышы керек экени белгиленген.

2021-жылы кабыл алынган, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон, “фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Мыйзам сунушталгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат. Жарандык активисттер жана укук коргоочулар, эркин журналисттер каршы болуп, азыркы мазмунунда ал фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: