Menu

Депутат Кожобек Рыспаев: «Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу жаатында башында эле азыркыдай иштиктүү чараларды көрсө болбойт беле?»

Бөлүшүү:

Мурдатан жакшы кам көрүп, ТЭЦтин насосторду жылууласа же авриянын кесепеттерин жоюу жаатында башында эле азыркыдай иштиктүү чараларды көрсө болбойт беле? Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Бишкек ЖЭБинде өткөн көчмө жыйынынын жүрүшүндө тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевге ушундай собол салды.

Айбек Калиевдин айтымында, ушу тапта Бишкек ЖЭБдин кошумча жаӊы бир блогу ишке киргизилип, суунун температурасы көтөрүлө баштады. Кечке чейин жылуулук өз ченемине жетүүгө тийиш. «Ордо калаадагы батирлердин жылышы үчүн жылуу су бир нече жолу айланып чыгуусу керек», – дейт ал.

Ал биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча кылмыш иши козголуп, текшерүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында өз милдетине кайдыгер караган күнөөлүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыла турганын белгиледи. Андан тышкары, ал Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу, калкты жылуулук менен камсыз кылуу боюнча комиссия иштеп жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Исланбек Сарсейитов Бишкек ЖЭБдин цехтеринин сынык терезелери аркылуу суук кирип, жабдууларга муз тоӊуп калганына, түтүн каптагандыктан, иштөөгө мүмкүн эмес экенине депутаттар күбө болушканын айтты. «ЖЭБди реконструкциялоого жумшалган насыя каражат жөнөкөй калктын эсебинен төлөнөт, ошондуктан ал каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу керек болчу», – дейт ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: