Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздардын жылаңач болуп чечингени тартылган тасма интернетке тарады. Бул видео качан, кайсы клубда тартылганы азырынча белгисиз. Анда кыз үстү жагын толук чечип салып, бийлеп жатканын көрүүгө болот. Эске сала кетсек, жакында эле Алматыдан кыздарды жыпжылаңач кылып чечинткен түнкү клубдагы окуя, казак коомчулугунда, кыргыз коомчулугунда да кызуу талкууга алынган. Жыйынтыгында казак бийлиги ошол клубду жаап, аны уюштургандарды жазалаган эле. Эми ошол оору бизге жеткенби? Мындан башка, аз күн мурун Бишкектин дагы бир түнкү клубунан диджейлердин наркотикалык заттарды табышканы маалым. Деги эле түнкү клубдарды түбү менен түрттүрүп салса, ажап болот эле. Пайдасына караганда зыяны опол тоодой болуп, ал жаштарга тийип жатканын көрүп эле жатабыз. Бийлик бул маселе боюнча качан үн катат?
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ