Menu

Айгерим Бешимбаева: “Кыргызстанда зордук-зомбулукту укук коргоо органдары резонанс жараткандан кийин гана реакция кыла башташат, бирок бул иштер аягына чыкпай жатат”

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулук темасында 12 видеотасма даярдады. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, дареги бар кризистик борборлор жөнүндө маалымат агенттиктин сайтына жайгаштырылган.

«Кризистик борборлорго маалымат тынымсыз келип турат. Социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында даректер, телефон номерлери, лидерлер жөнүндө маалыматтар камтылган. Биз өнөктөштөр менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 12 видеотасма даярдап, Маданият министрлигине жалпыга маалымдоо каражаттарына жайылтуу үчүн өткөрүп бердик. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташабыз, аларга маалымат беребиз», – деди Жаңыл Алыбаева.

Бирок, депутат Айсулуу Мамашова Эмгек министрлигинин сайты иштебей жаткандыгын билдирди.

Эл өкүлү Айгерим Бешимбаева белгилегендей, аймактарда зордук-зомбулукка кабылган кыздар жана аялдар эч кимге ишенбейт. Алардын кайрыла турган жери жок.

«Тилекке каршы, Кыргызстанда зордук-зомбулук актуалдуу тема болуп саналат. Биздин укук коргоо органдары резонанс жараткандан кийин гана реакция кыла башташат, бирок бул иштер аягына чыкпай жатат. Конкреттүү отчет жок. Соттор кылмышкерлерди бошотуп жатканда кичинекей кыздар акыйкаттыкты кайдан издей алышат? Алар айылдагы айыптоолордон коркушат», – деди Айгерим Бешимбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: