Menu

Генерал Артур Медетбеков “генералдар Суваналиев менен Иманкулов кызмат талашып, мушташып кете жаздашты” аттуу видеотасмага өз комментарийин берди

Бөлүшүү:

“6-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында мага УКМКдагы балдар телефон чалышып: “акыбал начар, ар түрдүү саясый күчтөр УКМКны басып киришип, күч колдонуу менен Атамбаев баштаган бир нече айыпкерди чыгарып кетишти. УКМКнын курал-жарактары менен архивин сактап калышыбыз керек. Азыр УКМКнын ветерандарын да жардамга чакырып жатабыз. Келип кетсеңиз жакшы болмок” деп калышты”, – деп билдирди бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын төрагасынын экс-биринчи орун басары, коопсуздук кызматынын генералы Артур Медетбеков интернетте тараган “Генералдар Өмүрбек Суваналиев менен Марат Иманкулов кызмат талашып, мушташып кете жаздашты” аттуу видеотасма тууралу комментарий берип жатып.

“Мен дароо кийинип жетип барсам, УКМКда биздин кызматтын ветерандары, анын ичинде Өмүрбек Суваналиев да бар экен. Ал бизге дароо: “мен бул жерде КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары олтурам. УКМКны басып алуулар башталганда Коопсуздук кеңешинин секретариатын бул жерге көчүрүп келдик. УКМКнын курал-жарактарын, архивин талап-тоноого, кабинеттерин басып алып талкалоого, калган айыпкерлерди чыгарып кетүүгө жол бербешибиз керек, ” деп калды. Биз ушул багыттарда план түзүп иштей баштадык. Суваналиев бир эле УКМК эмес бүтүндөй Кыргызстан боюнча укук коргоо органдарын координациялап, тынбай байланышып, мыйзамсыздыктарга жол бербөө аракетин көрүп жатты… Экс-депутат Данияр Тербишалиев жетектеген элдик кошуун түзүп, “Азаттык” радиосу менен “5-каналды” бейбаштардын чабуулунан коргоого жөнөттү. Ал элдик кошуун 3 күн-түн тынбай керектүү объекттерди кайтарып турушту. Ошондой эле Суваналиев Кыргызстандын укук коргоо органдары менен куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен координациялык кеңешмесин өткөрүп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларды берип жатты. Бир убакытта сырттан генерал Марат Иманкулов эки аксакал киши жана бир аял менен кирип келди да “Мындан ары УКМКнын төрагасы мен болом, эл ушуну суранып жатышат” деп жарыялады. Жанындагы эки аксакал менен аял да аны коштоп кетишти. Бирок Суваналиев “Кана кагаз? Кана буйрук? Сени ким дайындады?” деп сурады. Ага Марат Иманкулов “менден эл суранып жатат” деп жооп берди. Суваналиев “сени төрага кылып дайындоо тууралу буйрукту алып келмейинче биз бул жерде эч кимге кызматты басып алууга жол бербейбиз. Мен биякта УКМКнын төрагасы катары эмес, КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары олтурам”, деди. Марат Иманкулов ачууланып урушуп, кайра жанындагылары менен сыртка чыгып кетти… Андан кийин да “УКМКнын төрагасы кызматына биздин киши олтуруш керек” деп 5-6 топ келди. Эми мен алардын атын атабай коё турайын. Алардын баарына биз бул мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, артка кайтарып жаттык… Бир убакта Марат Иманкулов баягы коштоочулары менен кайра келип, экинчи жолу УКМКнын төрагасынын кызмат ордун басып алууга аракет кылды… Биз бир топ талашып-тартышуудан кийин ага жол бербедик. Ал кайра кетти… Эртеси Марат Иманкулов үчүнчү жолу өзүнүн 3-4 тарапташы менен кайра кайтып келип, кайрадан УКМКнын төрагасынын креслосун талап кыла баштады. Суваналиев ага “макул, креслого олтурсаң олтур, бирок эртең эле кызматты мыйзамсыз басып алган адам катары соттолосуң” деп айтты. Анан экөөсү уруша кетишти. Суваналиев “Чыгып кет! Бар ошол сени суранып жаткан элиңе кет” деп ачууланды. Бирок мушташа тургандай абалга жетишкен жок. Болгону ачуулуу, эмоционалдуу сүйлөшүштү. Ошол учурда Марат Иманкуловдун жанында жүргөндөрдүн бири телефонуна тартып алса керек. Эми минтип бурмалап элге чыгарып жатканы уят иш. Суваналиев кызмат талашкан эмес.  Ал кызмат талашып келгендерди тыйып олтурган… Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе: Кыргызстанда эки гана бийлик органында “спецсвязь ВЧ” деген байланыш аппараты бар. Анын бири Ак үйгө, Президенттин кабинетинде орнотулган, экинчиси УКМКнын төрагасынын кабинетинде жайгашкан. Ал күндөрү Ак үйдө президенттин кабинети талкаланып, ал жердеги ВЧ аппараты иштебей калган. Ал эми УКМКнын төрагасынын кабинетиндеги ВЧ аппараты иштеп жаткандыктан ага Кыргызстандагы абалга кабатыр болгон чет өлкөлүк бийлик органдары чалып жатышты. Ал чалууларды ошол жердеги жалгыз гана легитимдүү бийлик өкүлү Өмүрбек Суваналиев алып, сүйлөшүп жайгарып жатканы белгилүү. Менин көзүмчө Россиянын ФСБсынын төрагасы Бортников чалып сүйлөштү, кийин Казакстандын КНБсынын төрагасы Масимов, Өзбекстандын, Тажикстандын коопсуздук кызматынын жетекчилери чалып баарлашышты… Ошондуктан ал жерде да Суваналиев өз кызмат абалынан ашыра чаап пайдаланган жок”, – деди генерал Артур Медетбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: