Бүгүн, 30-ноябрь саат 18:00дөн баштап “Каркыра-автожолу” өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
“Аба ырайынын жана жол шарттарынын кескин начарлашына байланыштуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, 2021-жылдын 1-мартына чейин “Каркыра-автожолу” – “Кеген-автожолу” өткөрүү пункттары аркылуу адамдардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсү токтотулат” – деп айтылат маалыматта.
Каркыра-автожолу өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ