Menu

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолу

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Алмаз Дүйшөбаев парламентте келерки жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолу толугу менен бүткөрүлөрүн билдирди.

Ал 24-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде жолду толук пайдаланууга 2024-жылы июль айында берүү пландалып жатканын айтты.

Жайында аталган министрлик бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн кабарлап, эми 15-ноябрга чейин тилкеде кемчиликтер аныкталса, аны жалданма компания оңдой турганын билдирген.
Буга чейин Жогорку Кеңеште аталган жолду куруудагы коррупцияга байланыштуу сын-доомат айтылып, иликтөө үчүн депутаттык топ түзүү сунушу көтөрүлгөн.
Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң дымактуу долбоор катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.
Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону – грант). Каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу.
Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.
Туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдагы Арал айылынан Тогуз-Тородогу Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кан жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек жерден өткөн. Быйыл жыл башында Көк-Арт ашуусунда кошумча кичи тоннел ачылган.
Буга чейин жаз айларында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана парламентте жолдон жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен айланма Чүй каналын куруу жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолуна көчкүлөрдөн коргоочу курулуштарды салууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө басым айланма Чүй каналын жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун курулушунун алкагында кар көчкүдөн коргоочу курулуштарды куруу сыяктуу долбоорлорго бурулду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети өз алдына өлкөлөр ортосунда түзүлгөн соода потенциалын активдуу пайдалануу милдетин койду.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда энергетика жана айыл чарба тармагында чоң потенциал бар, бирок биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалана албай жатабыз», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Элчи өз ара кызыкчылык туудурган бардык долбоорлор боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

«Биргелешкен аракеттер менен биз активдүү жүрүп жаткан стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жакшы натыйжага жетиштик. Бул иш келечекте дагы улантылат», – деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.

Меню