Menu

Жол кирени көтөрүүнүн себеби жана кесепети

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында коомдук транспорттордогу жол кире көйгөйү кайрадан көтөрүлдү. Мэрия жол кирени  кымбаттатууну сунуштап, тарифтерди өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бишкек шаардык кенеши «2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту  менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоорго ылайык, накталай эмес төлөмдүн баасы 20 сомго сунушталып жатат. Себеби мэрия ар бир жүргүнчүнүн жол киресинин өздүк наркы 19-20 сомду түзүп жатканын билдирген жана жол кирени кымбаттатууга себеп болгон факторлорду санап берген. Аларга күйүүчү майдын кымбатташы, айдоочулардын айлык маянасынын жогорулашы, оңдоп түзөөгө кеткен чыгымдар сыяктуу маселелер кирет.

Бул чаралар Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 7-пунктуна ылайык, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн, борбор шаардын тургундарын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорту ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, шаардык каттамдар боюнча ташууга карата тарифтерди жөнгө салуу, жарандардын айрым категорияларына шаардык жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүүнү камсыздоо максатында көрүлүүдө.

   Бишкекте учурда автобус,троллейбуста жол кире карта менен  11сом төлөнүп жатса ,накталай төлөмдү  25 сом кылуу дагы мэрия тарабынан демилгеленүүдө. Максаты-жүргүнчүлөрдүн баарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү. Бул демилге эл аралык практиканын негизинде алынган. Бишкекте накталай эмес төлөм август айында ишке киргизилип, 20-августтан накталай төлөмгө тыюу салынган. Буга чейин 3 айдоочу жол кире акысын накталай алгандыгы үчүн иштен алынып,бир катарына эскертүү берилген. Август айында болгону 130 автобус, троллейбус каттамга чыкса,азыркы учурда жаңы алынып келген 400 автобустун 300ү  каттамга чыккан. Жыл аягына чейин  800-850 автобус иштеп баштары пландалууда. Саат 5:30-23:00 чейин жүрүү графиги түзүлөт.

    Айдоочулардын айтымында жүргүнчүлөрдүн 70 пайызы карта менен төлөөгө өткөн. №7 автобустун айдоочусу Гүлжигит Алимов New TV каналына берген маегинде: «Жүргүнчүлөрдүн 70 пайызга жакыны карта менен төлөп жатышат. Түшүнбөгөндөрү да бар,картага акчаны кантип салып төлөөнү сурагандар болуп жатат. Элдин көпчүлүгүнө маалымат толук жеткен жок. Баарына маалымат толук жеткенден кийин 100 пайызга жетет деп ойлоп жатам. Бул элге деле ыңгайлуу да,» – деп жооп берген.

    Жол кире менен бирге «Тулпар» төлөм картасынын тарифтери дагы кымбаттайт. Мектеп окуучулар үчүн 430 сом, жалпы жүргүнчүлөр үчүн 1100-1200 сом болот. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер,пенсионерлер, 7 жашка чейинкилер бекер жүрө тургандай шарттар түзүлөрүн мэрия айтты. 

    Жогорку окуу жайынын студенти Гүлназира Исмаил кызы: «20сом болгонуна каршымын, шарт түзүлсө дагы элдин чөнтөгүнө туура келбейт, чыдабайт. Бишкекте ансыз деле жылдан-жылга кымбатчылык, экономика начар. Көз карашым терс, өзүм студент болсом, ата-энем багып жатса, мен үчүн 20 сом кымбат» – деп каршылыгын билдирген. 

Коомдогу бул талкууга жарандардын ою ар кандай. Шаардыктардын көпчүлүгү жол киренин кымбатташына каршы чыкса , кээ бирлери айдоочуларды да түшүнсө болорун, бензин кымбат болуп жатканын айткандар да бар. Бирок ошого жараша транспортто шарт түзүлсө, тыгын болбой,ичи таза болсо,орундуктарга отуруп барсак 20 сомго деле макул болмокмун деген жүргүнчүлөр да жок эмес.

«Мен өзүм пенсионермин. Пенсиябыз тамак-аш, дары-дармегибизге араң жетет. Бала-чакабыз каралашып, кем-каржыбызды толуктап турат. Болбосо азыркы кымбатчылык заманда жашаш кыйын эле болуп калды.  Биз го мейли бирок кээ бир үй-бүлөдө 4-5 бала окуйт, аларга кыйын эле болуп калат. Кечки убак жүргүнчүлөр батпай,үйүнө жете албай  такси кызматын колдонгонго аргасыз болушат, » – дейт Бишкек шаарынын тургуну Айнур айым.

     Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол киренин 11 сомдон 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы экендигин парламенттин жыйынында билдирген. Анын айтымында, мэрия аргумент катары Европа өлкөлөрүн мисал келтиргенин, Кыргызстан менен Европаны салыштыруу мүмкүн эмес.

  «Европалыктардын орточо айлыгы 200-250 миң сом болсо, биздики 20-25 миң сом.  Алар менен кантип салыштырууга болот?  Тарифтерди көтөрбөш үчүн автобустарды электр кыймылдаткычы же газ менен сатып алууну талап кылганбыз. Эгер жол акысы  көтөрүлсө 11 сомдон 15 сомго көтөрүлсүн.  Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түндө 25 сом кылган туура эмес», – дейт Марлен Маматалиев.

     Белгилей кетсек, борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Троллейбус менен автобустун акысы 8сомдон 11 сомго, маршруттук кичи автобустардыкы 10сомдон  15 сомго көтөрүлгөн.

Айгерим Маматова 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: