Menu

Кыргызстан-Кытай

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду.

Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

Документтер:

  1. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  2. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргызстандын Санарип өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  5. Кыргызстанжын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  6. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  7. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Томирис-Кен” ишканасынын ортосундагы “Сүлүктү талаа-11” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  8. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation” кытай компаниясынын ортосундагы “Торугарт 1” көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан “Эркечтам” кыргыз-кытай чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  10. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Goldwind Science and Technology Co., Ltd” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  11. Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “Molin Energy Company Limited” компаниясы ортосундагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  12. Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана “Delong Steel Group Co., LTD” ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Ли Цян Кыргызстанга 24-октябрда расмий сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Быйыл августта Үрүмчүдө өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда курулуш, гидроэнергетика жана билим берүү тармактары боюнча 1 млрд доллардан ашуун документтерге кол коюлган.

Кытай – Кыргызстандын эң башкы инвестору. Майдын аягында өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд 489,7 млн долларды түзгөн. Бул сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары – Бээжинге төлөнчү карыз.

Кыргызстан Индия жана Кытайдын айрым жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берет

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Кайра кирүүнү каалагандар Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра кирсе болот.

Ошондой эле Кытайдын Гонконг жана Макао тургундарына 30 күндүк визасыз режим берилет, бирок кайра учуп кетүүгө авиа билети болушу шарт. Кайра келүүнү каалагандар болсо Кыргызстандан чыгып кеткен күндөн кийин 30 күндөн соң кире алат.

Чечим туристтик агымды көбөйтүү жана Кыргызстандын инвестициялык, ишкердик багытын жакшыртуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге берген маегинде Кытайдын айрым жарандарына виза берүү коопсуз экенин, тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турарын билдирген.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу быйыл майдын башында маалым болгон. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолукканда бул маселе талкууланганын 3-майда парламентте билдирген.

Май айында коңшу Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алат.

11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн Грузия да визасыз режим киргизген.

Кытай Сары-Жаз дарыясында ГЭС курууга кызыктар

Учурда, өлкө аймагында ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Мамлекет бул үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат.

Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.

Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.

Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрация башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. МинКаб төрагасы менен бирге Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды.

МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

 

Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Чэнду шаарында Сычуань провинциясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү.

Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов С.С. иш-чаранын катышуучуларын экономиканы өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле республика башчысы тарабынан өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлге көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Буга далил катары биздин мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларациясына кол коюусу саналат», – деди ал.

С. Касмамбетов Кытай компанияларын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө чакырып, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Провинциялык партия комитетинин туруктуу комитетинин мүчөсү, Сычуань провинциясынын пропаганда министри Чжэн Ли “19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин” ишине кыргыз делегациясынын катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларга басым жасады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргыз Республикасындагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк айтып берди.

Директордун орун басары Кыргыз Республикасы чоң инвестициялык потенциалга ээ жана Сычуань провинциясындагы инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ЕБ жана АКШнын (ВСП+) ошондой еле Улуу Британия (DCTS) рыногторуна кирүү үчүн ыңгайлуу «терезе» катары иштей аларын белгиледи.

Ал жыйындын катышуучуларына бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан бекитилген 18ге жакын продукциянын түрүн экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады.

Мындан тышкары, Кытай инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө киргенин белгилеп, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдан келген инвестициянын агымы 326 миллион АКШ долларынан ашканын жана дээрлик үчтөн бир бөлүгүн же 27,1% түзгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Закенаев К.А. өлкөнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКтын өкүлү Куменова М.Ж. Кыргызстанда электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү жана түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чарада кытайлык компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, өлкөлөр ортосунда бизнес жүргүзүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти, ошондой эле биздин өлкөнүн туристтик потенциалын жогору баалашты.

Шилтеме:

90 миллиондон ашык калкы бар Сычуань провинциясы Кытайдын алдыңкы аймактарынын бири. Облустун 2022-жылы региондук дүң продукциясы 830 млрд. долларды түздү жана 2023-жылдын акырына карата 53,5 миллиард доллардан ашык каражат чогултулду. түз инвестиция.

Орусия Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик машыгуусун баштайт

Москва 50 миңдей аскер катыша турган кезектеги машыгууга даярданууда. Маневр 1-сентябрда башталат жана бир жумага созулат.

Ага Кытай, Индия, Лаос, Монголия, Никарагуа, Алжир, Сирия, мындан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аскер кызматкерлери катышат.

Машыгуу кургактык менен катар суудагы ар түрдүү операцияларды камтыйт.

Ошол эле маалда Орусиянын Тынч океан флоту менен Кытайдын Аба-деңиз күчтөрү Жапон деңизинин акваториясында деңиз коммуникацияларын жана деңиз экономикалык ишмердүүлүгүн коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерге катышат.

Орусия Коргоо министрлиги машыгуу коргонуу мүнөзүнө гана ээ экенин жана кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын айтууда.

Ду Дэвэнь, элчи: "Кытай элчилиги КЭРде билим алып жаткан студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат"

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, алар жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана чыныгы дос экенин белгиледи.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Кыргызстан жана Казакстан ТИМи: Тайван Кытайдын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров Нур-Султан Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын билдирди.

“Казакстан Республикасы “бирдиктүү Кытай” принцибин колдойт жана Тайванды Кытай Эл Республикасынын ажырагыс бөлүгү деп эсептейт”, – деп билдирди Смадияров КазТАГ агенттигине.

Ал Казакстан учурдагы эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) нормаларынын сакталышын, анын ичинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 1971-жылы кабыл алынган резолюциясын колдой турганын белгиледи.

“Чет өлкөлөрдүн расмий делегацияларынын сапары Кытай Эл Республикасынын өкмөтү менен макулдашылышы керек деп эсептейм”, – деп кошумчалады Смадияров.

3-августта Кыргызстандын “Кабар” улуттук маалымат агенттиги Тайвандын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу кыргыз ТИМинин билдирүүсүн жарыялады.

АндаБишкек кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй “Тайвань маселеси” боюнча турумун өзгөртпөстүгү жана “бирдиктүү Кытай” саясатын колдоорун тастыктай турганы белгиленген.

Ошондой эле Кыргызстандан Тайвандын айланасындагы окуяларга кылдаттык менен көз салып турганы айтылат. Бирок бул билдирүү Тышкы иштер министрлигинин сайтына же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган жок.

2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барышы эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуялардын бири болду.

Расмий Бээжин Пелосинин сапарына каршылыгын билдирип, арал тарапта аскердик машыгууларды баштарын жарыялады. Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын айтты.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган “Гоминьдан” партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) 3-6-февраль күндөрү болгон жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

– 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Циндао шаары (Кытай Эл Республикасы) менен Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.

Садыр Жапаров Пекинде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Министрлер Кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биздин өлкө Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттешүү аркасында өлкөлөр коңшулук, достук, ишенимдүү мамилелерди куруп жана сактап келүүдө. Биздин кызматташтыгыбыз эки өлкө элинин түпкү таламдарына жооп берген бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү жана туруктуу өнөктөштүк менен мүнөздөлөт», – деди ал.

Ал Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда берилген гумантирдык жардамга, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров кыргыз тараптын биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара сооданы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул биз үчүн стратегиялык мааниге ээ жана республиканын транзиттик өлкөгө айланышына мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин жана ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңэгээли орун алгандыгын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

Ли Хуэй белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли жалпы региондун коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым кошууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Меню