Menu

Кыргызстан-Кытай

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катары берди

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.

Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады.

Арзыбек Кожошев: Бишкек шаарындагы жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 100 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу жана башка тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын достук жана ынак коңшулаштык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо Кыргызстан менен Кытайдын тышкы саясатында негизги артыкчылыктарынын бири  болуп келерин белгиледи.

Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда алдыңкы орундардын бирин ээлеп келе жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Ал учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аны менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо максатында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы дайымкы аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча маселени талкулоодо Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле улуттук маанилүү долбоор эмес, жалпы эле регион үчүн маанилүү экенин жана кыргыз тарап бул багытта активдүү диалогду улантууга даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго жана кыргыз элине КЭР төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана кайрылуусун жолдоду.

Ал Кыргызстан менен ынак коңшулаштык мамилени чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, өлкөгө стабилдүүлүк жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү каалады.

КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн АКШ доллары тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи.

Ошондой эле Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 млн доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирин колдоду.

Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин жана

Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаалды талкуулап, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын бул багытта өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, жолугушуу Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитине жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн иш сапары менен жүргөн Душанбе шаарында өттү.

Кыргызстанга 1,25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

Кыргыз Республикасына республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Меню