Menu

Кыргызстан-Индия

Кыргызстан Индия жана Кытайдын айрым жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берет

Кыргызстандын Министрлер кабинети Индиянын жана Кытайдын жарандарына белгилүү шарт менен жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берүүнү чечти. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көп жолу жана узак мөөнөткө виза ачтырган индиялык жана кытайлык жарандар Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Кайра кирүүнү каалагандар Кыргызстандан чыгып кеткенден 21 күн өткөндөн кийин кайра кирсе болот.

Ошондой эле Кытайдын Гонконг жана Макао тургундарына 30 күндүк визасыз режим берилет, бирок кайра учуп кетүүгө авиа билети болушу шарт. Кайра келүүнү каалагандар болсо Кыргызстандан чыгып кеткен күндөн кийин 30 күндөн соң кире алат.

Чечим туристтик агымды көбөйтүү жана Кыргызстандын инвестициялык, ишкердик багытын жакшыртуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге берген маегинде Кытайдын айрым жарандарына виза берүү коопсуз экенин, тиешелүү органдар ар бирин көзөмөлгө алып турарын билдирген.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу быйыл майдын башында маалым болгон. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолукканда бул маселе талкууланганын 3-майда парламентте билдирген.

Май айында коңшу Казакстан менен Кытай лидерлери эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алат.

11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн Грузия да визасыз режим киргизген.

Нью-Делиде Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө аземи болуп өттү

Ушул жылдын 12-октябрында Нью-Делиде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү.

Иш чаранын ардактуу коноктору болуп Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши (ICCR), парламенттин мүчөсү Винай Сахасрабудхе, жана ошондой эле Индиянын Мамлекеттик Тышкы иштер министри Радж Кумар Ранжан Сингх болушту. Иш-чарага ошондой эле Кеңештин башкы директору Кумар Тухин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды, ошондой эле Ардактуу конокторунун жана Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчисинин сөздөрү менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө кыргыз-индия мамилелеринин 30 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле келечектеги пландарды белгиледи. Мамлекеттик Тышкы иштер министри Р.Р.Сингх өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда 30 жылдан бери дипломатиялык мамилелер түзүлүп, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгиледи.

Андан соң кечеде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан элдик композиторлордун чыгармалары жаңырды.

Кеченин солисттери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиндеби” жана башка популярдуу чыгармаларды аткарган Кундуз Таштаналиева жана Аскат Мусабековдор болушту.

Мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли кыргыздын элдик бийлерин тартуулап, көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Концерт коомчулуктун кызуу кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын жана бийинин унутулгус кечесин тартуулады.

 

Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жолугушту

Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Менакши Лекхи Кыргызстанга иш сапары менен келди.
12-июнда Менакши Лекхи иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен бирге Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл койуп, Мамлекеттик тарых музейи менен таанышып чыкты.
Меню