Menu

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды.

Бул макулдашуу 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда улантышмакчы.

Топографиялык топтордун буга чейинки соңку жолугушуусунда тараптар чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.
16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушкан. Анда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу бардык иштерди жандантуу тапшырмасы берилгени айтылган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган. Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын кайсы жерлери такталганы тууралуу маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: