Menu

Ош мамлекеттик университети

Байболот Абытов, профессор: Чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы - Жумали агай

Биз 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Жумали Агай бүт өмүрүн, билимин, илимий-педагогикалык табылгаларын жана жандуу тажрыйбаларын, дараметин, күч-кубатын, максаттуу аракеттерин, тээ жаштайынан баштап жогорку билим берүү жаатына жумшап, өз салымын кошуп, ошол тармактын ат көтөргүс түйшүгүн көтөрүп, тарыхчыларга аттын кашкасындай таанымал болуп, болочок мугалимдерди, тарыхчыларды, Чыгыш жана аймак таануучуларды, юристтерди тарбиялоого арнап келген. Агай тынымсыз эмгеги менен турмуштун татаал жолун чаалыкпай баскан, чыгаан педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы таризинде таанымал. «Калк айтса калп айтпайт» – дейт, Жумали агай  көптөгөн  муундардын устаты экени талашсыз.

Даңазалуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Коомдун зор күчү мугалимге жүктөлөт” – деп айтканы, анын терең мааниси, көп жактуу маңызы бар.  Ошол зор күчкө ээ болгон айтылуу агайлардын бири дал ушул Жумали агай.

  1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылдан баштап өзү окуган Тарых факультетинин  “Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасында эмгек жолун баштап, бир кафедрада 22 жыл талыкпай эмгектенген.  Педагогикалык эмгек жолу 1970-92-жж. КМУ-КУУда, 1992-2000-жж. ОшМУда, 2000-2006-жж. ОГПИ-ОГПУда, 2007-2023-жж. кайрадан ОшМУда декандык, кафедранын профессору сыяктуу кызматтарды аркалап келүүдө.

Мен Жумали агайдын ишмердүүлүгүн үч жактан карагым келет:

Чыныгы педагог. Жумали Адилбаевич турган турпаты, баардык аракети менен чыныгы педагог. Бүт өмүрүн, Кеңеш доорунда, азыр деле, университеттердеги оор, талыкпаган эмгекти, бийик интелектуалдык деңгээлди, чоң маданиятты, тынымсыз изденүүнү талап кылган, тарыхый  өнүгүүсү катаал жана татаал, табышмактуу, көп тараптуу, Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын окутууга  арнаган.

 Элестетиңиздер, элет жеринде орто мектептен улуттук тилде билим алып, орус тилин толук өздөштүрө элек кезинде, республикабыздын жалгыз университетинин студенти болуп, окууну бүтөөрү менен Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын изилдөөчү, аларды окутуучу кафедрада иштеп калышы, боз жигит болгон Жумали агайга зор педагогикалык, илимий жоопекерчиликти жүктөгөнү анык.

Ачыгын айтканда идеологиялык диктат күчтүү болгон СССР кезиндеги, ошол жааттын корифейлери, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор: Н.А.Смирнов, Р.А.Ахрамович, Л.С.Васильев, М.С.Мейер, В.Ф.Васильев, А.А. Маслов ж.б. мектебинин үлгүсүндө, өз табылгаларын кошуп, байытып, жергиликтүү жаштарга жеткиликтүү кылып окутууга жетишкен, сейрек педагог адистердин бири Жумали агай болгону анык. Мен алардын ичинен М.С.Мейер, В.Ф.Васильев менен эл аралык конференцияларда таанышып, баарлашып калдым. Алар Кеңеш доорунда Азия, Африка өлкөлөрүн абдан терең өздөштүргөн, СССР чыныгы Чыгыш таануучулары, чучугуна чейин интеллигент, маданияты жана интеллектуалдык деңгээли өтө жогору болгон окумуштуу, педагогдор экенине ынанган жайым бар.  

Кеңеш доорунда, коммунисттик идеологиянын диктаты күчтүү болуп турган учурда СССРдин жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдүн, айрыкча СССРге каршылаш өлкөлөрдүн тарыхын, ошол кездеги шарттарга ылайык окутуу абдан кыйын болгону талашсыз, аны бул жерде катышып олтурган КУУнун улуу муундагы агай-эжекелери тастыктап беришет. Ошондой жөнөкөй эмес шарттарда Жумали Адилбаевич Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын талыкпай изилдеп, изденип, үйрөнүп, тиешелүү окуу пландарын, жумушчу программаларды иштеп чыгып, кесиптештеринин купулуна толгон, студенттерге жеткиликтүү, түшүнүктүү болгон, окуу-усулдук иштелмелерди даярдап, окуу жараянына киргизгени чоң иш болгону талашсыз.

Ошол кездеги Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын окутууну жакшыртуу багытын-да бир топ алгылыктуу окуу, усулдук иштерди жүргүзүп, окутуунун сапатын жогорулату таризинде көп изденип, бир катар педагогикалык, усулдук жаңы-лыктарды, окутуунун методологиясын, ыкмаларын толуктап, эскирген көз караштарды, ыкмаларды жаңыртып, студенттерге жогорку деңгээлде билим берүү үчүн көп эмгектенген. Тарых жаатында миңдеген студенттерди окутуп, телчиктирип, жүздөгөн  шакирттерди даярдаган.

Ушул багытта алып караганда Жумали агай Бишкекте да, Ошто да, өзүнүн  Чыгыш таануу мектебин түзүп, өз ишмердүүлүгүн бүгүнкү күндө да улантып келе жатканы, анын чыныгы педагог  экендигин тастыктап турат.

Педагогикалык жаатта устаттык өнөрдүн туу чокусун багындырган, билим берүү дегенде ичкен ашын жерге койгон, өрнөктүү педагог, аты кыргыз тарыхчыларынын арасында аттын кашкасындай таанымал,  билим берүү жаатында чоң үлгү, дайыма сүйлөгөн сөзүнө, кылган иши төп келген, бүт өмүрүн жаштарды тарбиялоого, аларды жаркын келечекке, тарыхчы мугалимдик кесипке даярдоого арнаган, өзүнүн терең билими, чыгармачылык жигери менен келечек муунга дем берген, мекенибиздин сыймыктуу уулу, кеменгер окутуучу, агартуу тармагына, тарых илимине, билимине өз салымын кошкон окумуш-туу-педагог агайыбыз Ж.Адилбаев болгонун анын баскан жолу, азыркы ара-кеттери тастыктап турат.

  Таасын  аалым, илимпоз катары Ж.Адилбаевдин калыптануусуна зор таасир эткендер, аны окуткан, кийинчерээк чогуу иштешкен, кыргыз тарыхынын чыгаандары, корифейлери, тарых илимдеринин докторлору, профессорлор: А.Хасанов, А.Чукубаев, Б.Зима, С.Аттокуров, В.Петровец, Х.Мусин, Ж.Бактыгулов, З.Эралиев, М.Федоров, тарых илимдердин кандидаттары, доценттер: А.Рыскулов, К.Мамбеталиева, М.Жамгырчинов, Б.Урстанбеков, М.Оморов, В.Шелике, Т.Мурзабеков Г.Мохова, С.Искенова ж.б. олуттуу таасир эткени талашсыз.

“Жакшы ат кийин чабылат” дегендей, Жумали агайдын илимге баш оту менен ктиришкен мезгили, өз курдаштарына салыштырганда, бир аз кечирээк башталды. Педагог катары абдан такшалып, дасыккан тажрыйба алгандан кийин, 1994-жылы “1975-85-жж. Кыргызстанда улуттук жумушчу адистерди даярдоо жана квалификациясын  жогорулатуу” – аттуу тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактап, 1996-ж. доцент илимий наамын алган. Агайдын илимий темасы мага жакындан тааныш тема, анткеним мен ошол эле 1994-жылы “1965-70-жж. Кыргызстанда жумушчу, инженердик-техникалык адистерди даярдоо жана квалификациясын  жогорулатуу” аттуу темада кандидаттык диссертациямды жактап, мен да улуттук жумушчу жана инженердик-техникалык адистерди даярдоо меслесин козгогонмун.

 Ачыгын айтканда 90-жылдары деле улуттук жумушчу, инженердик-техникалык адистерди даярдоо маселесине этият, тартынуу менен аяр мамиле жасалчу. Мурдагы убактарда улуттук адистерди даярдоо маслеси жабык, үстүртөн, терең талданбаган  маселе болгону талашсыз. 

 Көп жылдык илимий-педагогикалык, окуу-усулдук ишмердүүлүктүн натыйжасы катары бир катар эмгектерди даярдап, басмадан чыгарып, кесиптештеринин, жаш адистердин назарына тартуулады.

Өмүрү өрнөк болгон чыныг педагог катары ар түрдүү багытта, темада жазылган илимий эмгектери, монографиялары аркылуу, болочок адистерди, дүйнөлүк тарыхтын алкагында Чыгыш маселелери боюнча кенен, терең жана оригиналдуу ой жүгүртүүгө, Чыгыштын кайталангыс салттык, нравалык, маданияттык, кайталангыс руханий байлыктарын үйрөнүүгө, гуманизмдин Чыгыш үлгүсүн, баалуулуктарын барктоого үйрөтүп келет.

Агайдын олуттуу эмгектеринин катарында: “Некапиталистический путь развития Востока”, “Методическая пособия по новой истории Азии и Африки”, Индиянын соңку тарыхы”, “Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхнаамэсинин негизги маселелери”,  “Тарыхый окуялардын, аталыштардын жана түшүнүктөрдүн энциклопедиялык сөздүгү”, “Кытайдын соңку тарыхы”,  “Япониянын соңку тарыхы”,  (1918-2010-жж.), “Дүйнө тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар согуштар жана революциялар мыйзам ченемдүүлүктөр жана келечек” (Дуйшонбаева А.Б. менен биргеликте) ж.б. атоого болот.

 2010-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Тарыхый-Мурас бөлүмүнүн башчысы катары бир топ илимий иштерди, долбоорлорду  аткарганы алкоого татырлык көрүнүш экендиги талашсыз.

 Талыкпас тарбиячы таризинде Жумали Адилбаевич дайыма өзүнүн нускалуу, таасирдүү сөздөрү, чабыты кенен, мааниси терең ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык деңгээли, паам-парасаты, үлгүлүү жүрүшү менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, өз замандаштарына, кесиптештерине таасир эткенин көп эле көрүп жүрөбүз. Бир акылдуу инсан “Адамдын бактысы – жакшы мугалимден жакшы насаат угуп, жакшы тарбия алгандыгында” деп айткандай, бул киши да өзүнүн жеткиликтүү, таасирдүү насааттары, олуттуу, орундуу сөздөрү менен көп муундарды тарбиялай алды десек болот.

Көп убакта адамдын аң сезимине туура, таамай айтылган сөз менен таасир этүү, тарбия берүү жөндөмү дал ушул Жумали акада бар. Анын нускалуу бир топ сөздөрүн мен тээ 90-жылдардан бери көп эле угуп келе жатам. Мисалы, Жумали агай көп айткан накыл сөздөр, макал-лакаптар: “Жакшылыкка жакшылык ар адамдын иши, Жамандыкка жакшылык эр адамдын иши. Жамандыкка жамандык кем адамдын иши, Жакшылыкка жамандык көр адамдын иши”; «Жамандын жакшысы болгондон көрө, жакшынын жаманы бол”; «Жакшы сүйлөгөн дурус, жакшылап уккан андан да дурус» – деген таризде улуу-кичүүнү укканда ыраазы кылат.

Чыгыш элдеринин тарбиялык, адептик-руханий баалуулуктарын колдонуу менен жаш муундарга таалим-тарбия берүү Жумали Адилбаевичтин тарбиялык кредосу катары караса болот. Муну менен Жумали ака жаш муундарга жакшылык менен жамандыкты, адамзаттагы баалуулуктарды ажырата билгенди, акыркы мезгилдердеги коомчулукту деградация жолуна салып жаткан жат көрүнүштөр – спирт ичимдиктерин ичүүдөн, баңгиликтен, сойкулуктан, кумар оюндарынан, сүткорлуктан, кылмышкерликтен, ар нерсеге көз карандылыктан алыс болууга чакырып, үндөгөнү алкоого татырлык көрүнүш.

Чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы катары Жумали Адилбаев КУУда, ОшМУда бир катар чыгаан мамлекеттик, саясий ишмерлерди, тарыхчы илимпоздорду тарбиялап чыкканы да биз үчүн чоң сыймык. Башканы коёлу аттуу-баштуу тарых илимдеринин докторлору, профессорлор С.С.Касмамбетовду, А.Асанкановду, Т.А.Абдрахмановду, А.М.Кылычевди, А.Акуновду, Б.Жумабаевди, Т.Чоротегинди, К.Таабалдиевди, Н.Алымкуловду, Т.Шейшекановду, М.Кожобековду, К.Молдокасымовду ж.б. атаса болот.

Менин баамымда бул адам өзү өкүнбөгөндөй байма-бай жана үлгүлүү өмүр сүрүп келе жатат. Бир айылдын, өрөөндүн эле эмес бүткүл кыргыз журтчулугуна таанымал болгон, Жумали агайыбыз табиятынан тубаса окутуучу, чыныгы аалым, таасын окумуштуу, талыкпас тарбиячы, шыгы, жөндөмү жетишкен мыкты усулчу, мыкты жетекчи, бир катар жаңы көз караштардын жана саамалыктардын демилгечиси жана ишке ашыруучусу катары маалым. Жумали аканин мындай асыл касиеттерин мен да жаштайыман көрүп, жакындан билип, көптөгөн жакшы пикирлерди кесиптештеринен, замандаштарынан, абройлуу аксакалдардан угуп, дараметиме жараша көкүрөк сезимим менен туюп келем. Элибиз сыйлап, урматтаган кадырлуу аксакал менен бүгүнкү күндө да ар түрдүү багытта баарлашуу мага  зор ырахат, чоң дем берет. Анын акыл-насаатын, ой пикирин, элибиздин, жерибиздин өткөн тарыхы, маданияты, каада-салты, үрп-адаты, азыркы учурдун көйгөйлүү маселелери, таалим-тарбиясы, учурдагы  жаштардын адеп-ахлагы, абийири жөнүндөгү асылзат сөздөрү, мени эле эмес көптөгөн адамдарды терең ынандырып өзүнө тартат.

Бекеринен касиетүү, накыл сөздүү, кыргыз эли байыртадан «алсызды күчтүү кылган билим, адамды улуу кылган эмгек, билим түгөнбөс казына, кенч, эмгек анын ачкычы» – деген нускалуу сөздөрүн айтпаса керек. Агайыбыз Жумали Адилбай уулу ушул нусканын өтөсүнө чыгып, билим, илим кенчин тереңдетип казып, анын жемиштерин жаштарга тартуулап өмүр сүрүп келүүдө. Ошол эмгегинен баар таап, калайык калкка аттын кашкасындай  белгилүү болду. Ар ким “өз эмгегинин үзүрүн көрөт” – деген ошол эмеспи. 

Абытов Байболот Капарович 

тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ош мамлекеттик университети, Чыгыш таануу институту

Меню