Аргентинадан чыккан алгачкы дүйнө сулуусу Норма Каппальини автобус тебелеп кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-декабрда Буэнос-Айресте болгон. 81 жаштагы сулуулук ханышасын дүкөнгө бараткан жолдон автобус сүзүп кеткен.
Ал оор абалда ооруканага жаткырылган. Алган жаракатынан улам комада жатып, андан кийин көз жумган.
«Ал бир нерсе сатып алуу үчүн сыртка чыккан. Анын ден-соолугу жакшы болчу, демек, ал кырсыктын кесепетинен көз жумганы айдан ачык», – деди дүйнө сулуусунун жакын туугандары.
Норма Глэдис Каппальи 21 жашында Лондондо өткөн “Дүйнө сулуусу – 1960” сынагында жеңишке жеткен. Ал Аргентинанын бул наамды жеңип алган биринчи өкүлү болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ