Menu

Бажы союзу

Казакстан Россиянын күйүүчү майларын Кыргызстанга өткөрбөй жатат, 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди.

Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери “Казакстан Темир жолу” улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат.

“Мунай ташуучу жергиликтүү компаниялар “Кыргыз Темир жолу” ишканасы менен бирге бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок бүгүнкү күндө октябрь айы үчүн коюлган пландар “Казакстан Темир жолу” тарабынан четке кагылып жатат. Күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн”, – деп жазылат билдирүүдө.

Бул тууралуу мамлекеттик мекемелер комментарий бере элек.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин күйүүчү май керектейт.

Соңку эки жылда Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү майдын индикативдик планы 1 млн 200 миң тонна мунайды түзгөн. Бул аталган көлөмдөгү күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот дегенди билдирет. Ал эми 2023-жылы индикативдик план боюнча 945 миң тонна гана күйүүчү майга келишим түзүлгөн.

УКМК: 300дөн ашык жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. ”).

 “Унаа” мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажылык тариздөө боюнча коррупциялык схема аныкталды.

 “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыктарды көздөп, РКнын жана КРнын кээ бир жарандары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүүгө алып келген, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен импорттук жана бажылык тариздөө боюнча мыйзамсыз канал түзүшкөн.

Тактап айтканда, КР ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун кызматкерлери тарабынан Казакстан Республикасынын Мамлекеттик бажы декларациясынын негизинде 2009-жылы чыгарылган “Вольво ФН480” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катталган. КР Улуттук банкынын курсу боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген 16 000 (он алты миң) АКШ доллардын, б.а. 1 миллион 400 сомдун ордуна Мамлекеттик бажы декларациясынын маалыматы боюнча, бажы алымынын суммасы 1 230 АКШ долларын (105 850 сом) түзгөн.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын январынан майына чейинки мезгилде эле аталган коррупциялык схема менен Кыргыз Республикасынын аймагына 300дөн ашык жүк ташуучу унаалар алынып келинип, каттоодон өткөн.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин жагдайларын, кызмат адамдарынын катышуусун, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандык фуралар казак-орус чек арасынан өтө албай турушат

Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты.

Өзүн Хаким деп тааныштырган айдоочу 7-8-июль күндөрү жолдогу жүк ташуучулардын тыгыны 4-5 чакырымга чейин созулганын айтып берди.

“Бүгүн азайып калды. Кечээ 4-5 чакырым кезек болчу. Казакстандан, Кыргызстандан бара жаткандар бар. Мөмө-жемиштерди кое берип жатат. Турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды жүктөп бара жаткандар кармалып турат. Себеби белгисиз”, – деди ал.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Бажы кызматы текшерүүлөрдү күчөтүп, узун кезек пайда болгонун жазган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Кыргызстандык ишкерлер негизинен Кытайдан Орусияга товар ташышат. Ушундай эле тыгындар кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен болуп турат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык бул өлкөлөр арасында бажы жана чек арада тоскоолдуктар болбой турганы айтылган.

Кыргызстанга ташылып келе жаткан 500дөй автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашык автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу журналисттерге машине ташып иштеген ишкелердин бири Данияр Салякаев билдирди

Анын айтымында, Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатат.

“Эмне үчүн кармап жатышкан себебин айтышкан жок, текшерүүнүн убактысы тууралуу да бизге маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет деп айтууда. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Алгач 15-мартта өткөрөт дешкен, эми апрелдин аягына чейин деп жатышат. Автоунаа токтоочу жайдын акысы же айып пул деп, колубузга чоң суммадагы акчаны төлө деп койсо кандай болот деп чочулап жатабыз”, – деди ал.
Салякаевдин айтымында, бул көйгөйгө АКШдан, Европадан Кыргызстанга унаа ташып келе жаткан бардык ишкерлер дуушар болууда.
Ишкерлердин суранычы менен бул маселе боюнча Кыргызстандын Минскидеги элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолугуп, сүйлөшкөн. Анда беларус тарап 2022-жылдын сентябрынан тартып, кыргызстандык автоунаа ташуучулар ЕАЭБге алып кирип жаткан машинелерге анализ жүргүзө баштаганын билдирген. Мунун себеби катары автоунаалардын баасы документтерде төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгенин белгилешкен.
Кыргызстандык ишкерлер бул маселеге көңүл буруп, маселени ЕАЭБ алкагында, уюмдун экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгууну кыргыз өкмөтүнөн суранууда.
АКШ, Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар Кыргызстанга алгач Литва, андан Беларус аркылуу алып келинет. Мындан тышкары, Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинген автоунаалар бар.

Кыргызстан менен Беларус Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат.

"Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат

Казактандын чек арасындагы “Ак-Тилек-Карасу” өткөрмө бекетинде ушул тушта 300дөй жүк ташыган машине кезекте турат.

Айдоочулар алты чакырымга созулган кезекти өздөрү көзөмөлдөп жатышат. Алардын айтымында, чек арадагы абалдын себебин эч ким түшүндүргөн эмес.

Айдоочу Николай Дмитриченконун машинеси “Ак-Тилек” өткөрмө бекети тараптагы алты чакырымга созулган узун кезектин аягында турат. Ысык-Көлдөн Орусияга алма ташып бара жаткан айдоочу таң атканча 200 метр гана жылганын айтууда.

“Таңкы алтыдан бери түшкө чейин ордуман жылган жокмун. Жүктөп бара жаткан 22 тонна алма чирип кетпеш үчүн муздаткыч иштеп турушу керек. Ага суткасына 70 литр солярка сарпталат. Анын ар бир литрин 63 сомдон эсептеңиз. Суткасына беш миң сом короп жатат. Мындан тышкары тамак ашым бар. Аны ким төлөп берет? Бул жерде турбаганда үч суткада Орусияга кирип бармакмын”.

Тажикстан ЕАЭБге (Бажы союзуна) кирүүгө шашылбайт

Тажикстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү маселесин иликтөөнү улантат.

Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода 2-августта өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБге кирүү боюнча алдын ала эч кандай макулдашуу жок экенин айтты.

“ЕАЭБ –жаш бирикме. Кандай гана өлкө болбосун, кайсы бир уюмга кирерден мурун “плюс” жана “минустарын” анализдеп чыгат. Ушул тапта биз коңшулардын тажырыйбаларын эске алуу менен талдоо гана жүргүзүп жатабыз. ЕАЭБге кирүү боюнча азырынча чечим кабыл алынган жок”, – деди министр.

Буга чейин Орусия Тажикстандын ЕАЭБге кирүүсүнө кызыктар экенин бир нече жолу билдирген.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар – жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент жана Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда чоң убадалар менен киргизилген. Бирок ал убадалар аткарылган жок.

Меню