Menu

УКМК: Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бажы бекетинен өткөн ар бир машинадан “салык” алып турушкан уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстан Республикасынын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. 

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары М.О.Р. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: