Menu

Кыргызстандык жигит Москвада африкалык кызды “сапатсыз секс” үчүн терезеден ыргытып жиберген

Бөлүшүү:

Кыргызстандык жигит Москвада африкалык “түнкү көпөлөк” кызды “сапатсыз секс” үчүн терезеден ыргытып жиберген. Андан кийин жигит ал кызды жөнөткөн интим-агенттикке кайра телефон чалып, анын ордуна башка кызды жөнөтүүнү талап кылган. Бул тууралу россиялык “360” маалымат агенттиги өзүнүн полициядагы булактарына шилтеме берип, жазып чыкты.

Анын алдында кыргызстандык жигит Москванын түндүк-чыгышынан бир күнгө ижарага батир алган. Көнүл ачкысы келип, эскорт-тейлөө боюнча агенттикке чалып, ага африкалык кыздардан бирди жөнөтүүнү суранган.

Нигериялык кыз келгенден кийин төшөк оюндары башталган. Бирок кыргыз жигитке кыздын төшөктөгү көңүлү келбеген кыймыл-аракети жакпай калып, чыр чыккан да, ачууланган эргул, кызды бутунан сүйрөп келип, терезеден жерге ыргытып жиберген. Анан кызды жөнөткөн агенттикке телефон чалып, төлөгөн акчасын кайтарып берүүнү же ошол акчага башка кызды жөнөтүүнү талап кылган.

“Бийиктен кулап кеткен” кыз тууралу билдирип, жигит өзү тез жардамга телефон чалган. Медиктер жапа чеккен Нигериялык кызды ооруканага алып кетишкен. Анын буту жана омурткалары сынгандыгы белгилүү болду. Жигит полицияга “мен душка кирип кетсем кыз өзү терезеден кулап кетиптир” деп түшүндүргөн. Бирок полисмендер ага ишенбей, ооруканадагы кызга барышканда кыз аны терезеден жигит ыргытып жибергенин билдирген.

Азыр бул факты боюнча Москва полициясы иликтөө жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: