Menu

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) баасы 1 млрд АКШ долларын түзгөн мүлкү камакка алынды

Бөлүшүү:

Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 40дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалды. 

К.Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзуп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон.

К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн.

Айрыкча К.Асанбектин криминалдык ишмердүүлүктөгү финансылык кызыкчылыктары көңүл бурууга арзыйт, анткени кылмыштуу уюмда так иерархияны орнотуудан тышкары, ошол эле учурда ага мыйзамдуу бизнестин аркасына жашынып, өзүнө караштуу көптөгөн ийгиликтүү бизнес структураларды түзүүгө мүмкүндүк берген.

К.Асанбектин криминалдык абалы жана чексиз каржылык ресурстары, ошондой эле жазасыз калуусу акыркы жылдарда, заманбап укуктук мамлекетте жол берилгис, өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүүгө мүмкүндүк берип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан.

К.Асанбектин тобунун криминалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн чочулап, айрым адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлер өздөрү криминалдык авторитеттин “достугуна жана колдоосуна” умтулушкан.

К.Асанбектин криминалдык абалы жана анын кылмыштуу иш-аракеттери анын мыйзамсыз түрдө байып кетишине жана долларлык миллионер болууга, ал эми жакындарына жана жан-жөкөрлөрүнө мыйзамдуу түрдө ээ болушу үчүн реалдуу каржылык мүмкүнчүлүгү жок болгон кымбат баалуу мүлктөргө, анын ичинде чет өлкөдө да ээлик кылууга мүмкүндүк берген.

К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктер деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөн, жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды.

Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгондор, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.

К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон.

Мындан ары УКМК мындай кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, ар бир ушундай фактынын артынан улуттук коопсуздук органдары тарабынан катуу чаралар каралат.

К.Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды.

Бул К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат. 

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантылып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилейт.

Жаңы кылмыштуу топтор пайда боло турган болсо улуттук коопсуздук органдары аракеттеги мыйзамдардын чегинде алардын жетекчилерин жок кылууга чейинки катаал чараларды көрөт. 

Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн дагы бир жолу, тийиштүү чараларды көрүү үчүн, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана жабырлануучуларга келтирилген зыянды кайтаруу үчүн УКМКга кайрылууга чакырат.

Байланыш телефон номерлери: 66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: