Menu

Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу 8-октябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өтүп, анда 43,32 чакырым макулдашылды.

«Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында өттү”, – деп айтылды маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала электигинен улам ортодо кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2022-жылы 14-17-сентябрда чек арадагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон деген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Быйыл 15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат артса болорун билдирген. Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: