Menu

Элитхаус

"Авангард Стиль" жана "Элитхаус" курулуш компанияларынын директорлору Эрнис Миңкеев менен Тимур Файзиев камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-октябрда “Авангард стиль” курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Миңкеевди камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал 4-ноябрга чейин абакта болот.

Соттун маалыматына караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. УКМК Миңкеевдин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы “Салкын-Төр” шаарчасы да бар. Бул объектини “Авангард Стиль” компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

Октябрь райондук соту 11-октябрда “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны 9-декабрга чейин камакка алган. Ал кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштырууга айыпталууда.

УКМК буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер да кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

Меню