Menu

Тажик оппозициясы

Тажик оппозициясы Душанбени чек ара боюнча Кыргызстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын жашырбоого чакырды

Курамына төрт оппозициялык топ кирген Тажикстандын Улуттук альянсы Душанбени Кыргызстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын коомчулукка жеткирүүгө чакырды.

Билдирүүдө “альянс тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылышын кубаттай турганы”, бирок “Ворух эч качан анклав болбогонун жана анклав болушу мүмкүн эместигин эске алуу менен маселе адилеттүү түрдө чечилиши керектиги” белгиленген.

Тажикстанда тыюу салынган Улуттук альянс чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы ачык айтылбай жатканына тынчсызданган.

Бул арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын жери Тажикстанга өттү деген сөздөр айтылган, социалдык тармактарга жарыяланган видео тууралуу комментарий берди. Анда мындай маалыматтарды жокко чыгарды.

“Кайсы бир кызыктар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарда жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт”,-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.

Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирген. Андан кийин сөз алган Камчыбек Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айткан.
Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.
Алар 2-октябрда Баткенде кездешип, жаңы протоколго кол коюшканын алгач президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукка жазып чыккан. Анаркулов “Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов татаал сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги протоколго кол койгонун”, “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартканын” кабарлаган.
Кийин маалыматты Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ырастап, жаңы протоколго кол коюлганы маалымдалган. Анда делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкени айтылган.
Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Ташиев бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.
Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Меню