Menu

Кыргыз-тажик жаңжалы

Кыргыз-тажик чек арасында үйлөрдү талап-тоноп 20 жылга соттолгон 2 тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилгенден кийин толук акталып, эркиндикке чыкты

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, Абдукаххоров менен Юнусов бир нече айдан бери кармалып турган Явандагы абактан 28-июлда чыккан.

Абдукаххоров 2-августта “Озоди” радиосуна маек берип, бийлик органдарына жасалган көптөгөн кайрылуулардан кийин Юнусов экөө акталып, эркиндикке чыгышканын билдирди.

“Башкы прокуратуранын өкүлү биз отурган Яван абагына барып, Аскар экөөбүз президенттин жарлыгы менен бошотулганыбызды, биздин соттуулугубуз жоюлганын айтты. Биз ыраазычылык билдирип, үй-бүлөбүзгө кайтып келдик”, – деди Абдукаххор.

Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоров Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандык Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган. Кармалгандардын жакындары тагылган айыптарды четке кагып, өкүм адилетсиз экенин айтып келишкен.

Баткен облусунун Лейлек райондук соту Абдукаххоров менен Юнусовду “Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо” жана “Талап-тоноо” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн”

“Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch – HRW) эл аралык уюму жаңы баяндамасында былтыр сентябрда талаштуу чек арадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төрт күндүк жаңжал маалындагы кыргыз жана тажик күчтөрүнүн аракеттеринде “эки тараптан тең согуш мыйзамдарын олуттуу бузуу” болгон деп билдирди.

2-майда жарык көргөн баяндама – эки постсоветтик өлкөнүн чек ара талашынан тутанган жаңжалдагы эң кандуу окуя орун алгандан бери эл аралык беделдүү укук коргоо уюму даярдаган алгачкы доклад болуп калды.

HRW 18 айдын ичиндеги экинчи ири масштабдуу жаңжалда эки өлкөнүн көп аракеттери “согуш кылмыштарына барабар болушу мүмкүн” деп билдирет.

Баяндамада белгиленген окуялардын арасында карапайым жарандардын автоунааларын жана “Тез жардам” машинелерин бутага алуу, жарылуучу заттарды “башаламан” колдонуу, куралдуу күчтөрдүн адамдарды суроо-сопкутсуз эле өлтүрүшү жана үй-жайлар менен жөн-жай курулуштарды өрттөө сыяктуу учурлар камтылган.

Уюм бир катар сунуштарды берип, эки өлкөнүн тең өкмөттөрүн “эл аралык гуманитардык укукту одоно бузганы” үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана куралдуу күчтөрдүн жеке курамын жаңжал чыккан кырдаалда эл аралык гуманитардык укукту сактоого үйрөтүүгө үндөгөн.

Ошондой эле эл аралык уюм чек араны демаркациялоо боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө кандай гана макулдашуу болбосун, ал келишим түшүмдүү, бирок калк өтө жыш отурукташкан жана суу тартыш аймакта жергиликтүү элдин “билим алууга, тийиштүү үй-жайга жана сууга” болгон укугун таанышы зарылдыгын билдирген.

89 беттен турган отчет 86 интервьюга, анын ичинде окуянын күбөлөрү, жапа чеккендер жана алардын жакындары тартылган 69 маектешүүгө; 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларындагы 10 күндүк жеринде жасалган иликтөөгө; медициналык карталарды жана башка документтерди карап чыгуу; спутниктен тартылган сүрөттөрдү анализдөө; кол салууларды жана алардын кесепеттерин көрсөткөн 12 видео тасманы текшерип чыгуу; лазер менен багытталган бомба чабуулун жана медициналык автомашинага жасалган кол салууну талдоо үчүн 3D моделин түзүү аракеттерине негизделген.

Докладда жаңжалдын аскердик кызматкерлерге эмес, карапайым жарандарга тийгизген таасирине көңүл бурулат.

HRW эки тарапты кошкондо 37 жай тургундун, алардын ичинде беш баланын өлүмүн жана 36 кишинин жараат алганын документтеширген. Бирок уюм “маалымат каражаттарынын кабарларын жана расмий тизмедеги курмандыктарды эсепке алганда мерт болгон карапайым жарандардын саны 51ге, ал эми жараат алгандар 121ге жетиши мүмкүн” – деп билдирип, бул санакка аскерлердин арасындагы жоготуу кошулбаганын белгилейт.

Жаңжалдан улам Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши үй-жайын таштап кетсе, Тажикстан канча киши жер которгону тууралуу маалымат берген эмес.

2021-жылдын апрелине чейин чек арадагы кармаштарда ондогон киши набыт болгону менен чыр-чатактар андан ары жайылып, же чектеш аймактарда аскерлерди кеңири масштабда мобилизациялоого жетчү эмес.

Баяндама сентябрдагы жаңжалды ким баштаганы тууралуу бүтүм чыгарбайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жаңжалдан бир нече күн өткөн соң Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Тажикстан Кыргызстанга “кол салганын” айткан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды “чек аранын бардык линиясы боюнча Тажикстандын аймагына кол салды” деп айыптаган.

HRW уюмунун кризис жана жаңжалдар боюнча улук изилдөөчүсү Жан-Батист Галлопен баяндаманын жарыяланышын утурлай “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде эл аралык гуманитардык укук “жаңжалга аралашкан бардык тараптар үчүн бирдей колдонуларын” белгиледи.

“Армия чабуул коёбу же коргонобу, ал согуш мыйзамдарын сактоого милдеттүү”, – дейт Галлопен. – Бул өзгөчө аскердик жана жарандардык буталарды айырмалай билүү жана күч колдонуудагы пропорционалдык принциптерин туюнтат”.

“Хьюман Райтс Уотч” 16-сентябрда, жаңжалдын үчүнчү күнүндө мыйзам бузуулар көп болгонун белгилейт.

“Далилдер көрсөткөндөй, ошол күнү саат 17:00 чамасында кыргыз күчтөрү чек арадагы Тажикстандын Овчи Калача кыштагынын борбордук аянтына тажик күчтөрү келгенден бир нече мүнөттөн соң алардын жанына лазер менен багытталган бомбаны жеткирүү үчүн Bayraktar TB-2 дронун колдонгон”, – деп айтылат докладда.

Жергиликтүү тургундар айылдагы маркумдун зыйнатынан кийин мечиттин жанына чогулуп жаткан маалда жарылуу болгонун, андан 10 киши набыт кетип, 13 адам жараат алганын белгилеген уюм чабуулду “пропорциялуу эмес жана ылгабай урулгандай сокку” деп атаган.

Ошол эле күнү тажик аскерлери куралдуу кармаштан качып бараткан кыргызстандык жайкын тургундар түшкөн автомашинелерди бир нече жолу аткылаганы баяндамада айтылат.

Иликтөөчүлөр кепке тарткан бир кыргыз аял тажик аскерлери алар түшүп бараткан машинени аткылаганда “эгер машине жарылып кетсе өлүп калбайлы” деп андан кантип жөрмөлөп түшкөнүн, анын күйөөсү менен уулу жарадар болгонун айтып берген.

Анын сөзүнө караганда, алар бир канча убакыт сулк жатып, анан кыймылдай баштаганда тажик аскерлери кайрадан аткылаган.

Баяндаманада ошондой эле кыргыз күчтөрү гуманитардык укуктун алкагында коргоого алынчу “Тез жардам” машинесин аткылаган болушу мүмкүн экени айтылат.

Тажикстандын Чарбак (Чорбог) айылынын жанындагы көпүрөдө “Тез жардам” экени “так белгиленген” эки машине жана жай жарандар бараткан менчик машинеге чабуул коюлган бир окуяда 10 киши, анын ичинде төрт бала жана эки медициналык кызматкер набыт болгон.

HRW чабуулдун багытын билүү үчүн 3D-моделдөөнү колдонуп, ок болжол менен 110 метр жерден Кыргызстандагы Достук айылынан атылган деген бүтүмгө келген.

Эл аралык уюм “даана белгиленген [“Тез жардамдарга”] атайын урулган соккулар Эл аралык кылмыш сотунун статутуна ылайык, эл аралык куралдуу жаңжалда аскердик кылмыш болуп саналат”, – деп белгилейт.

HRW тажик күчтөрү жаңжал маалында кыргыз айылдарын басып алып, алардын айрымдарын дээрлик жок кылып кеткенин документтештирген.

16-сентябрда “тажик күчтөрү кыргыз айылдарын басып алып, тажикче сүйлөгөн жөнөкөй кийинген адамдардын коштоосунда чек аралаш кыргыз айылдарына кирген. Көпкө созулбаган оккупацияда тажик күчтөрү кеминде алты жайкын эркек кишини өлтүрүп, анын ичинде үчөөнү сыягы качып баратканда, экөөнү суроо-сопкутсуз эле өлтүрүп салгандай” деп жазылган баяндамада.

“Тажик күчтөрүнүн карамагындагы” жөнөкөй кийимчен тажиктер Кыргызстан тарапта кыска мөөнөткө ээлеп алган айыл-кыштактарда кеңири масштабдагы талап-тоноочулук кылып, “ал жерлерди мекендеген жашоочулардан тазалоону көздөгөндөй аракетти көрүп”, жүздөгөн үй-жайды, ошондой эле бала бакчаларды, мектептерди, медициналык мекемелерди жана административдик имараттарды өрттөп кетишкенин да уюм кошумчалаган.

“Хьюман Райтс Уотч” бул окуяларды иликтөө багытында Тажикстанга өзүнчө сунуштарын берет.

970 чакырымга созулган чек аранын дээрлик жарымы демаркация боло элек. 17-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чек араны демаркациялоо процесси “жайлап калганын” билдирип, Тажикстандын 1924-жылкы картага байланып калганы иштин жылышына кедергисин тийгизип жатканына нааразы болду.

“Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, – деген Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде.

Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн илгерилеши тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык уюмдун улук иликтөөчүсү Галлопен чек арада жашаган кыргыз жана тажик тургундар соңку жылдардагы алардын жашоосун түп-тамырынан өзгөртүп, ортодо олуттуу жарака кетирген куралдуу жаңжалдан кийин терең кабатырланып, тынчтыкты гана эңсеп жашап жатканын белгилейт.

“Чек аранын эки жагындагылар менен сүйлөшкөнүбүздө жергиликтүү эл кооптуу жаңжалдардан тажаганын жана чындап эле тынчтыкты самап турганын көрдүк”, – деди Галлопен “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде.

Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялады

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө аймагындагы жолугушуусунун жыйынтыгында төмөнкүдөй бир нече макулдашууга жетишкенин маалымдады.

– Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат.

– Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РИИБ) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт.

Саат 19:30да Төрт-Көчөдөгү кезектеги жолугууга чек ара бекеттеринин башчылары катышары айтылган. Азырынча бул жолугушуунун жыйынтыгы айтыла элек. Кийинки жолугуу Как-Сай жерлигинде болот.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Баткендин Паскы-Арык айылындагы “Самаркандек” чек ара бекетиндеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан 31 жана 21 жаштагы эки кыргыз жараны жаракат алганын кабарлаган.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 08:10до чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргызстан алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарганын, ошондон кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгонун жана ошол учурда эки жоокер жарадар болгонун кабарлаган.

Саат 14.00дө Как-Сай аймагында ок атышуу болгонун, анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, кыргыз тарап ага жооп бергенин билдирген.

Ал эми саат 15.08де тажик чек арачылары Кыргызстандын Паскы-Арык аймагындагы “Самаркандек” чек ара бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганын, андан кийин атышуу башталганын маалымдаган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги тараптан бүгүнкү окуялар боюнча расмий комментарий бере элек.

“Озоди” радиосу ” өз булактарына таянып тажик тараптан эки чек арачы каза таап, 11и жаракат алганын кабарлады.

“Азия-Плюс маалымат агенттиги Исфара районундагы Ворух айылындагы булактарына таянуу менен жараат алгандардын алтоо чек арачы, бешөө жергиликтүү жашоочу экенин кабарлады” деп жазды “Озоди” радиосу.

УКМК: Ата мекендик маалымат каражаттарынын бири Тажикстандын чек ара кызматынын туура эмес маалыматын тараткан

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу курал колдонуу окуясы боюнча, маалымат каражаттары тарабынан туура эмес маалымат агымы таралган. Ата мекендик маалымат каражаттарынын бири, Тажикстандын чек ара кызматынын туура эмес маалыматын тараткан.

Белгилей кетсек, кыргызстандык журналисттеринин бул кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына терс таасирин тийгизиши мумкун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат. 

Буга байланыштуу массалык маалымат каражаттары да, ушул сыякту маалымат тараткандар, абдан дыкаат болушу керек. Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу күмөндүү булактардан алынган туура эмес маалыматтардан дуйнөнүн жеке сүрөтүн түзө алат. Мекенибиздин тагдыры, биздин аскер кызматчыларынын жана чек арага жакын райондордун жарандарынын келечеги ушундай сыяктуу маалыматтардан көз каранды. 

Буга байланыштуу КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын, биздин мамлекетти алсыздандырууга аракет кылып жаткан күчтөргө көмөк көрсөтпөстөн, туура эмес маалыматты таркатпоого чакырат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Баткен райондук Булак-Башы аймагында кызмат өтөө учурунда КР УКМК чек ара кызматы кыргыз-тажик тарап ортосундагы мурдагы келишимдерди бузуу менен Мамлекеттик чек аранын белгиленбеген тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

Кыргыз тараптын чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай тажик чек арачылары ок чыгарган. Жоопко Кыргыз чек арачылары да курал колдонушкан.

Кыргыз-тажик чек арасы: Как-Сай аймагында да атышуу башталды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары “Достук” бекетинин чек арачыларын көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.

Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келгенин билдирген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, “тажик чек арачылары миномет” колдонгон. Соңку маалыматтарга караганда кыргызстандык эки жоокер жарадар болду.

Тажикстандагы “Хобар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган. “Озоди” өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараптар Булак-Башыда ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүп жатканын, кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Чек ара кызматы: Булак-Башыда ок атышуу токтоду, кырдаал чыңалып турат

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрь, саат 12.40ка карата чыңалып турганын, бирок ок атышуу токтогонун билдирди. Баткен жана Согд облусунун чек ара башчыларынын сүйлөшүүлөрү уланып жатканын кабарлады.

Мунун алдында Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода жолугарын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 14-сентябрда эртең менен Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Кыргыз чек арачыларынын чыгып кетүү талабына баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган. Ошол замат ортодо атышуу башталган. Кыргыз тараптын билдиришинче, “тажик чек арачылары миномет” колдонгон.

Атышуудан кыргыз тараптан эки чек арачы жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

“Минометтон чачыраган минанын кесепетинен бир чек арасы жеңил жаракат, экинчи аскер кызматкери контузия алды”, – деп белгиледи мекеме.

Тажикстандагы “Хобар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

“Озоди” өз булактарына таянып бир жоокер мерт болуп, эки жаран жаарат алганын билдирди. Азырынча алардын тек-жайы тактала элек.

Булак-Башы аймагында чек арада соңку ирет 14-июнь күнү таңга жуук ок атылган. Буга байланыштуу тараптар бири-бирин күнөөлөгөн. Тажик тарап бир жараны жараат алганын билдирген.

Бул арада ок атылган аймактагы жайыт өрттөндү. Бул тууралуу Баткен облусундагы Жайыт комитетинин башчысы Меңдибай Зикираев билдирди. Анын ырасташынча, тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып, 20 гектардай жайыт күйүп кетти. Учурда өрт толук өчүрүлө элек, эки аскер жана төрт чабан аны өчүрүүгө аракет кылып жатат.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан сырткары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Кыргыз-тажик чек ара чырында 1 тажик жараны каза болгон, Кыргызстандан жабыркагандар жок, сүйлөшүү жүрүп жатат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев чек арадагы ок атышуу боюнча Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода менен телефондон сүйлөшүп, кырдаал оорлоп кетпеши үчүн аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

“Учурда чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү жетекчиликтери тажикстандык кесиптештерине жолугуп, сүйлөшүп, окуя эмнеден тутанганын иликтеп жатат. Кырдаалды көзөмөлдөп, чек ара аймактарында абалды туруктуу кармоо үчүн Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси менен сүйлөштүм. Тиешелүү тапшырмаларды бердик. Окуядан кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Чек арада абал туруктуу”, – деди Абдыкарим Алимбаев.

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи ок атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген.

07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10до атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин кабарлаган.

“Озоди” радиосу 14-июндагы эртең менен болгон ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

Атын атагысы келбеген булак каза болгон чек арачы Жайхун районунун тургуну экенин, сөөгү Тажикстандын Исфара районундагы ооруканалардын биринде турганын кабарлаган. Тажик бийлиги азырынча ок атышуу тууралуу комментарий бере элек.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектеш аймакта жайгашкан.

Кыргызстан 20 жылга соттолгон эки тажик жаранын Душанбеге өткөрүп берди

Кыргызстан Тажикстандын 20 жылга соттолгон эки жаранын калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Душанбеге өткөрүп берди. Бул тууралуу “Озоди” радиосу Тажикстандын Согд облустук прокуратурасындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, кеп Лейлек райондук соту “тынчтыкка каршы кылмыш жасоого” жана “талап-тоноого” күнөөлүү деп тапкан Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов жөнүндө болууда. Алгач алар өмүр бою эркинен ажыратылып, 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Cоттолгон тажик жарандары 7-июнда Бишкектен Хожентке жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда Тажикстандын Башкы прокуратурасы алардын ишин карап жатканы, жакынкы күндөрү чечим чыгарары кабарланууда.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кармашкан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Чек арадагы чырда жараат алган тажик жоокери каза болду

Тажикстандын бийлиги 12-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жараат алган 27 жаштагы тажик жоокери Зоир Сайдумаров ооруканада каза болгонун ырастады.

Маалыматка караганда, маркум чек арачынын сөөгү 13-апрель күнү түштөн кийин өзү туулуп-өскөн Хатлон облусунун Дусти районунда жерге берилди.

“Биз барып, жакындарына көңүл айтып келдик. Зоирдин атасы каза болуп калган экен. Бир туугандары Орусияда иштешет. Биз бул үй-бүлөгө жардам беребиз”, – деди район башчысы Даврон Нишонзода.

Анын айтымында, Зоир Саидумаров армияга 2020-жылы жазында чакырылган. Анын аскердеги кызмат өтөө мөөнөтү дээрлик аяктап калган.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде да жолугуп, тараптар ушундай эле келишимге келишкен.

Курал колдонулган жаңжалда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына Тажикстан тараптын бир канча снаряды түшкөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.

Баткенде чек ара чырында жарадар болгондор алты кишиге жетти

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатат.

23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Абалдары орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун бөлүктөрү тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.

Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолугушуп, тараптар ушундай эле келишимге келишти.

“Эркин Европа/Свобода” радиосунун тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазды.

Меню