Menu

Бангизат

Таласта УКМК кызматкерине 3 млн сом пара берип жатышкан бир туугандар кармалышты

Мурда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан Республикасына жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган КР жараны А.М.А. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн КР УКМК кызматкерине кармалган А.М.А.  30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2022-жылдын 19-февралында бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2022-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.  

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Күкүрт кислотасынын ири өлчөмүндөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери прекурсорлорду сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүштү. Бул тууралу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан «күкүрт кислотасынын» ири өлчөмүндөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 269-беренесенин (Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш амалдарынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жарандын мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Меню