Бүгүн, 13-сентябрда Армения тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосунда кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ