8-июлда Кыргыз Республикасына Украинанын балдар үчүн улуттук китепканасынын мүдүрү А.Гордиенко жана анын орун басары Л.Поликарпованын коштоосунда «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын барактары менен» аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн үч ар түрдүү жаш курактагы сыйлуу орундун ээлери жана гран-принин жеңүүчүлөрү учуп келишти.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен Украинанын балдар үчүн улуттук китепканасы жана Украинанын Маданият министрлигинин колдоосу менен Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын куттуктоо иш-чарасына арналган. Мелдешке Украинанын бардык аймагынан 4000 катышуучу катышып, анын ичинен 151 иш тандалып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Жеңүүчүлөр саякаттын алкагында Бишкек шаарынын ажайып жайларын жана Кыргызстандын бермети кереметтүү Ысык-Көлгө барып эс алышып, кыргыз элинин көөнөргүс каада-салты менен таанышышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ