Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ