Бишкекте аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, 12-апрель күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунда 20:50 чамасында ӨКМге маалымат келип түшкөн.
“7-Апрель жана Кийизбаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн астынан каза болгон жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине куткаруучулар 21:15 те жетип аял кишинин (өздүгү такталууда) жансыз денесин чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ