21-25-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.
Фестиваль 21-апрелде саат 18:00дө Джузеппе Вердинин “Аида” операсы менен ачылат.
Ал эми 23-апрелде гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.
Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин “Князь Игорь” операсы менен аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ