Menu

Жапаров менен Путин кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулашты

Бөлүшүү:

10-майда, президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Мындай маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан.

Путин чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болду. Анда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлө турганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: