Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча, бүгүн, 28-майда Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эки күндүк иш-сапардын алкагында Казакстандын тышкы иштер министринин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р. Казакбаев менен жолугушулар, ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландаштырылууда.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ