Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Президент Сооронбай Жээнбеков Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын,   жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады.

Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар.

Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер.

Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.  Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм.

Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Партбосстор моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур...”

– Алоо…

– Да.

– Салоомалейкум! Сабыр байке кандайсыз, ден-соолуктар жакшыбы?

– Алеки. Жакшы, жакшы. Гезитке да жазып жиберипсиң… Элдер чалып… Бир туугандарга да айткан эмесминда…

– Аны эмне кыласыз жашырып, сакайсаңыз болду да. Эми жакшыбы? Эмне деп чечтиңиз?

– Операция оор, татаал, эки айдай трубка менен жүрөсүз дейт… Отказ кылдым. Приступтар кетти. Диета менен жүрмөй…

– Состояние жакшыбы, айтор?

– Жакшы эй, короче… Көнүп калдым, тамак жебегенге…

– Жакшы болсо болду да. Жакшы эле болсун дегеним. Компто отура аласыз да?

– Ооба. Отурбаймынбы.

– Байке мен сизге бир эки суроо жөнөтүп койуп турам, убакыт болгондо карап, ойлоруңузду айтып, кайра ыргытып койуп туруңуз. Жарайбы?

– Жарайт. Ыргыта бер.

– Азыр мобу, 2020- жылдагы парламенттик шайлоого карата саясатчылар баш көтөрүп, коом ичинде кызуу талкуулар башталды. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштагандар кескин көбөйдү. Негизинен эле, ушу 9%дык босогону төмөндөтүүнү талап кылып жатышкандай. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кандай карайсыз?

– Бул жөнүндө көп эле айтылган. Былтыр, мурдагы жылы айтканбыз, жазганбыз. Биз эле эмес, көптөгөн саясатчылар, серепчилер айтышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков да – “… шайлоо өз мөөнөтүндө, 2020-жылы өтөт. Ага чейин убакыт бар, Шайлоо кодексин жакшылап талдап, шайлоого бир жыл калганга чейин өзгөртүүлөрдү киргизип алышыбыз керек”- деген мааниде сөзүн айтканы эсибизде. Анткени мыйзамга ылайык шайлоого бир жыл убакыт калгандан баштап Шайлоо кодексин өзгөрткөнгө болбойт. Бул да туура. Депутаттар колдон келет кылып, өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам чыгарбасын дешкени. Эми карачы, кандай болуп атат? Мыйзамды бузуп, шашылыш өзгөртүү киргизгенге баратабыз. Эмнеге былтыр чыгынган жокпуз? Депутаттар эмнени ойлоп жүрүштү? Жеке маселелеринен бошошкон жок, айдама да болуп калышкан.

– Кеп чынында, “9% босогондон байлар, олигархтар гана өтпөсө башкаларга, айрыкча жаштарга, таза, чынчыл жаңы күчтөргө жол жок”- деген пикир туура эле болуп атпайбы. Босогону 7%га, 5%га, 3%га түшүрүүнү сунуштап жатышат. Босогону такыр эле алып салууну сунуштагандар да бар. Буга кандай дейсиз?

– Ооба бул Шайлоо кодексинде мүчүлүштүктөр көп. Бирок парламентке өтүү үчүн партияларга шайлоодо коюлган босогону төмөндөтүү менен эле маселе чечилбейт. Азыркы 9% каалайбызбы, каалабайбызбы шайлоого катышуучу партиялардын (уюшмалардын, тизмелердин) санын кескин кыскартат. Мурда 30га чамалуу уюшма катышып жүрсө, азыр ончакты, балким андан аз уюшма катышышы мүмкүн. Анткени тобокелдик керек, аябагандай чоң каражат керек болот.

Ошон үчүн саясатчылар, саясый күчтөр бириккенге, быгышканга мажбур. Бирок баары батышпайт, батышкан күндө да бири-бирине суу куйушуп, беткарашкыс болгондор бириге алышпайт. Тизмедеги орундардын тартыштыгы мандаттын баасын асмандатаары турган иш.

Андыктан Шайлоо кодексин өзгөртүү керек. Бул талашсыз. Бирок өзгөртүүлөр мыйзам чегинде болуусу кажет. Анүстүнө босого пайызды төмөндөтүү менен маселе чечилбейт да. Аны таптакыр алып салсын дегендерди деле колдосо болот. Мисалы мен колдойм. Анүчүн шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланышты күчөткөн система керек. Тизмеге кирүүнү аукционго айландырган системаны түп-тамырынан жоюу керек. Андай жол бар.

– Бирок эми азыр кандай кылабыз? Шайлоого бир жылдан аз убакыт калганда мыйзамсыз жол менен өзгөртүү киргизсек, жаңы шайланган Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү кандай болот? “Силер мыйзам бузуу жолу менен шайлангансыңар”- деген балээге кабылбайбызбы?

– Туура айтып атасың, кабылабыз. Эрте ойлонушубуз керек эле. Жакында эле ошо 9%ды кабыл алышкан, ошондо, кабыл алып жатканда эмнени ойлошкон десең? Жеке кызыкчылыктардан бошобогон депутаттарыбыздын күнөөсү да. Эми мына, карасаңар, “көчүккө тукум жакындап келгенде” какылыктаган тооктой болуп безилдеп атышат.

Ошондо да Шайлоо кодексин ар тараптан, толук, элге, мамлекетке пайдалуурак кылалы дешкен жери жок. Өзүлөрүн гана ойлоп, порогду гана төмөндөтүү жөнүндө кеп кылышууда. Ошондой өзүмчүл болгондору үчүн, жалпы ишке баштарын иштеткилери келбей “ступорго” батып отурушкандыктан, алар жанагы “баран” деген сөздү угуп атышат.

– Анан эми, азыр, шайлоо системасын толук кандуу такуулап, элдин мүдөөсүнө кызмат кылчу Жогорку Кеңеш шайлай тургандай кылып өзгөртпөстөн, шашылыш эле порогду 5%, 3%га түшүргөндө кандай пайда табабыз?

– Менимче эч кандай деле элге, журтка пайдасы болбойт. Болгону, “аа, порог төмөндөдү”- деп, тизме тизмектеп, банковать эткендердин саны гана көбөйө түшөт. Анткени тизмеге кирүү баягыдай эле акча аркылуу чечилмей бойдон калып атпайбы. Анан кандай толк болмок эле? Акчалууларга, олигархтарга гана мүмкүнчүлүктөр, квоталар кеңейет. Жаштарга, жаңы күчтөргө жол ачылбайт. Элге, прогрессивдүү күчтөргө эч деле пайдасы жок. Акчалуулардын гана кармашы бойдон эле калат.

Жыйынтыгында бул жол менен шайланып келгендер деле жакшы аттуу болушпай, элдин жек көрүүсү күч болот. Акыры, эртеби-кечпи, Шайлоо кодексине адилеттүүлүктү камтый турган, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Ал күн кеч болсо да, баары бир келет. Тарыхта беш жыл, он жыл деген көз ирмемге эле тете. Биз, адамдардын өмүрү кыска болгону үчүн, шашкалактап, чычкалактай беребиз.

Анткени, өмүрдү жакшы жагына өзгөртүп, натыйжасын өз көзүбүз менен көргүбүз келет. Бир келген өмүрдө бакубаттуулукка туйтунгубуз келет. Бул негизи жаман каалоо эмес. Бирок шашкалактап абалды оорлотуп алганча, “жети өлчөп бир кескен туура эмеспи” деп ойлойм.

– Анан ошондо кандай кылалы деген ойду айтмакчысыз?

– Моисей деле элин 40 жыл кыйнап, чөлдө ээрчитип жүргөн экен. Биз алардан эмнебиз кем? Дагы бир аз кыйналсак да келечегибиз түз болсун дешибиз керек. Кыска мүнөздүү өзгөртүүлөрдөн пайда жок. Өзгөртсөк ашыкпай талдап, кардиналдуу өзгөртүүлөргө барышыбыз керек. Жалпы Кыргызстан бир округ болуп бир тизме түзгөндөн кетишибиз керек.

Мисалы Кыргызстан боюнча тогуз округ (жети облус, Бишкек, Ош) кылып, анан тогуз тизме кылса, же андан да көп округ кылып, ар бир округ боюнча өзүнчө тизме кылса неге болбосун. Бир жагынан ар бир округдан ким чыгып атканы шайлоочуларга айкын болуп, шайлоочу менен талапкердин ортосу жакындайт.

Экинчи жагынан ар бир партияда тогуз тизме болсо, тогуз ондук токсон орун болуп, орун сатмак тургай, толтуруу кыйындаганы жатпайбы.

Элди ойлосок ушундай кардиналдуу өзгорүштөргө барып, эртерээк оң жолго түшүп, шайллочуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайлы да. А тигинтип шайлоо босогосун төмөндөтүү эчтеке чечпейт. Мандат саткан чайкоочуларга эле жакшы.

Азыр эми, баары эле “депутат болсом, бийликке жетсем, байып кетсем”- деп жулунуп, жеке кара башы үчүн далбастап атканын көрүп атабыз. Шайлоого салган акчалары деле атасынан калган эмес. Көбү уурулук жол менен байышкан. Ошон үчүн “суунуку сууга” дешкенсип, миллион долгарга болсо да мандат сатып алууга даяр. Ак эмгеги менен тапса антишпес эле. Ойлонушат болчу.

Анан буларды, булардын акчасын аяп эмне кылабыз? 9% менен жалаң тандалган байлары чыгып, челеке түшүп бири-бирин кырып, жеген крысалардай болуп кырчылдашышсын. Көрөлү да. “Байдын малын байкуш аяптыр” деп эмне кылабыз? Кайда шашабыз?

Булар арам акчаларын чачышсын, максаттарына жетишсин. Азыркыдан да жек көрүндү болгон парламентке ээ бололу. Ошондо балким көзүбүз ачылат. Ошондо анан окончательно кутулалы дейбиз, булардан. Ошондо анан олигархтар шайланбасын деген мыйзам кабыл алып, 2022-жылы кезексиз шайлоо өткөзүп, окончательно кутулабыз булардан! Анткени чыдай албай калган чекке ошондо жетебиз.

– Эми, мобу, “депутат болом” деп, дегдеген саясатчылар тууралуу, анан “депутат кылам” деп, тизме тизмектеп, банковать этип аткан партия лидерлери, крутой саясатчылар тууралуу азыноолак аңгемелешели деп атам. Мурда депутаттык мандаттын баркы жогору эле. Камакка алыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынчу. Азыр болсо каалаган депутатыңды четинен жетелеп камаган заман. Ошого карабай эле депутаттыка умтулгандардын катары калың. Муну кандай түшүнөбүз?

– Депутат деген эми, канткенде да бийик статус. Эл өкүлү, мамлекеттик адам дегенди туюнтат. Жылуу-жумшак жерде, жетиштүү киреше менен, кааласаң иштеп, кааласаң иштебей 5 жыл өмүр сүрөсүң. Өкмөт көзүңдү карап турат, тил табышсаң пайдага туйтунуп, короткон акчаңды эселеп кайтарып аласың.

Кайда барсаң сый-ургаал, төргө өткөрүшөт. Акча коротпой жер кыдырасың. Чет жерлерде да сага өзгөчө мамиле кылышып, кайда болбосун жашыл жарык. Камакка алуу маселеси деле коррупция, анан өзгөчө оор кылмыш эле болбосо камай алышпайт.

Камалчу статья болгон күндө да депутат болбогонго караганда депутат болгондуку артыкчылыктуу. Сүйлөшүп алуу шансы жогорураак. Санай берсе дагы артыкчылыктары чыга берет. Ошондуктан депутат болом дегендер жетиштүү.

Бирок ошого карабастан, айрыкча жашы өтүп калган саясатчылар арасында “депутат болбой эле койдум” дегендерди да жолуктурдум. Мен бир топ депутат болгон агалар менен сүйлөшүп, “300 миң долларды коротуп депутат болуп, анан ал акчамды кайрыйм деп абийримди соодалаганча, ошол акчага тынч эле жашаганым оң эмеспи. Мага эмне керек (?), эчкинин жашындай жашым калды”- деген маанидеги сөздөрдү эшиттим. Баары бир карылык адамкерчиликке үндөйт экен деп калдым.

Андыктан убакыттын өтүшү менен коомубуз бышып, менталитетибиз жакшы жагына өзгөрүп, азыркыдай уят-сыйытты жыйыштырып салмайыбыз артта калып, өнүккөн элдердин нугуна түшөбүз деп ишенем.

– Эми “депутат кылам”- дегендер тууралуу да айта кетсеңиз. Жөнөкөй депутаттардыкы эле мынча экен, партбосстордун кирешеси кандай болду экен?

– Партбосстордуку он эсе, жүз эсе, өкмөт башчылыкка жетсе миң эсе жогору десек болот. Пайдасы асмандын башы болгону менен жоопкерчилиги да оңой эмес. Моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Такай стресс абалында. Акчасы көп болгон менен уйку жок байкуштарда. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур.

Ондогон, жүздөгөн адамдарга убадаларды беришет, “депутат кылам” деп эбегейсиз каражаттарды чогултушат, касам ичишет, бүтүмдөрүн нотариус аркылуу бекитишет, видео жазышат. Анан ал акчалар, биртикеси гана босстун калтасында калбаса, калганы шайлоодо чачылат.

Анан убадалар аткарылбай жакалашмайлар, телефон менен башка чапмайлар, прессага чыгып боктомойлор, айыптоолор, Өмүрбек Абдырахмановго окшоп тергөөгө көрсөтмө берүүлөр башталат. Анан ошол стресс беш жылга, андан кийин өмүр бою да созулат. Ден соолуктан айырат, абийириңди кетирет, түрмөгө да түшүрөт.

Мен мындай, “шайлоодо банковать” эткенден тажануу, зааркануу бар экенин кийинки кезде, досум Өмүрбек Текебаев менен болгон баарлашуулардан байкап калдым. 2010, 2015 жылдары эки ирет “банковать” эткендердин көбү ушундай маанайда, эмне кылаарын билишпей, “мойнунан байлаган иттей” болуп турушат.

2010, 2015-жылдары эки ирет “банковать” эткен Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов заарканып атса, бир ирет гана мындай ыпыластыкка малынган Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев ж.б. дагы деле алаканын укалап, шайлоого аттанууга даяр.

Бирок булар деле бул шайлоодон кийин, берки, алдыңкы катардагы экөөнүн кейпин кийип, депрессивдүү жагдайга кабылышаарында шек жок. Же үч жолку шайлоодо катары менен жеңилип, спонсорлорун банкрот кылып, көптөгөн адамдардын ишенимин жоготуп алган Адахан Мадумаровдун кейпин кийишет. Айтор бул жакшы эмес, чындыгында эле өтө ыпылас системага кептелиппиз.

Анан эми коррупция менен күрөш алкагында, алдыдагы шайлоодо “черный касса” менен добуш сатып алуулар укук коргоо органдары менен тыкыр көзөмөлгө алынса кандай болот? Анда ичкениң ирим, жегениң желим болду дей бер. Элестет, баштагыдан эселеген азаптар, стресстер башка келсе… Бир чети бооруң ооруйт, буларгачы…

Өмүрбек Бабановдун деле шайлоодон четтешинин үч себебинин бири: “бирөөлөрдү депутат кылам деп көрүнгөндөн акча жыйып, убада берип, убараланып башыма балээ үйүп эмне азап? Же эмне мага акча жетпей жатабы? Мүйүздүү болом деп кулагыман ажыраганча тынч эле болойун”- деген аргумент болгондой. Бир чети туура да. “Ач кулактан тынч кулак!

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Кундуз Жолдубаева, КСДПнын өкүлү: "Өзү чыкканын Атамбаевдин багынып берүүсү деп эсептебейм. Бул элди, мамлекетти ойлогон адамдын туура чечими болду"

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Калган иш тергөөнүн, соттун колунда. Атамбаевдин жанында ал камакка алынган соңку мүнөттөргө чейин бирге болуп, оор учурду баштан өткөргөн КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуя, Атамбаевдин тегерегиндеги иштер тууралуу айтып берди.

– Кундуз айым, Алмазбек Шаршеновичтин абалы кандай?

– Абалы жакшы. Билесиздер, ал духу күчтуү адам. 10-август күнү Алмазбек Шаршенович менен анын өкүлү Сергей Слесарев СИЗОдон жолугуп чыкты, абалы туруктуу, духу бийик.

– Сиз акыркы 2 жылда Алмазбек Атамбаевдин жанындагы эң ишенимдүү адамдардын бири болдуңуз. Мурдагы президенттин командасына качан, кантип кошулуп калдыңыз эле?

– 2016-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоодо сунуш түшүп, КСДПга пиар жагынан жардам бергем. 2017-жылы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштедим. Программа, стратегияларды жазып, ийгиликке Сооронбай Шарипович менен бирге жеттик эле. Азыр эки жаат болуп калдык! Шайлоодо Жээнбеков үчүн иштегендин баары куугунтукка кабылды. Мына, жарымы абакта отурат. Жарымын кайра-кайра суракка чакырууда. Алмазбек Атамбаев – Кыргызстанда саясий баланс болуп турушу үчүн керектүү адам. Бийликке ачык сын айта алган оппозиция керек, ал – Атамбаев жана анын тегерегиндеги команда деп айтып эле жүрдүк. Сын айтат десе эле бийликтин колу-бутун байлап иштетпей коюу эмес. Каталарын айтып, жол көрсөтүп туруу.

– Атамбаев кармалган соң “Кундуздай жубайым болсо деп эңседим. Өрт кыз экен. Аны менен отко да, сууга да коркпой барса болот экен” деген пикирлер жазылды. Кошуласызбы, бул пикирлерге?

– Бирөөгө сөз берсем, бир ишке киришсем аягына чейин турам. Бул менин табиятым, мүнөзүм. Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши жаңы башталганда “Атамбаевди  коргоп сага эмне жок? Система кандай экенин сен билбейсиң”дегендер болду. Мен Атамбаевди эмес, идеяны колдоп жүрдүм. Максатым – Кыргызстанда социал-демократиялык принциптердин өнүгүшүнө салым кошуу. Өлкөдө бардык иштер тар кызыкчылыкка эмес, идеяга негизделиши керек. Алмаз Шаршенович да “менин миссиям бүтө элек” дечү. Бийликке жаңы жүздөрдү алып келүү багытында иштеп жатканбыз. Азыр КСДПнын мүчөлөрүн бирден суракка чакырып, басым көрсөтүшүүдө. Мени деле коркутуп “күбө эмес, кылмышка шектүү дегенге которуп салабыз” деп жатышат. “Коркутпагыла, негиз болсо которо бергиле” дедим. Учурдан пайдаланып президентке кайрылат элем:

– Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз КСДПдан талапкер болуп чыкканда чын дилибиз менен иштеп бергенбиз. Жеңишти азыр сиздер жаптырып салган “Форумда” майрамдадык эле. Сизге ишенгенбиз. Сизди колдоп жүргөндөр бүгүн куугунтукка кабылды. Аны токтотуу сиздин гана колдон келет. Мамлекеттин башчысы катары укуктук баш аламандыкка бөгөт коюуңузду өтүнөм. Кыргызда жигитчилик деген түшүнүк бар. Өлкө башчысы катары адамдык сапаттарды да ойлоп, мурдагы тарапташтарыңыздын куугунтукка кабылышына жол бербесеңиз.

– Өткөнкү 2 күндүк окуяларды сүйлөшсөк. Кайсы бир күнү Атамбаевди кармап кеткени Кой-Ташка спецназ бастырып кириши мүмкүн деген ойлор, даярдыктар бар беле?

– Ар түрдүү маалыматтар түшүп турган. 7-августта Атамбаев үйдөн чыгып тарапташтары менен учураша баштаганда сыртка унаанын келип токтогон үнү угулду. Балдар “спецняз”деп кыйкырып калышты. Жан сакчылар Алмаз Шаршеновичти үйгө алып кетишти. Артынан чуркап баратсам кичинекей бала качып баратыптыр. Аны кучактап туруп калдым. Тосмодон ашып түшкөн аскерлер келип “эже, отуруңуз” деп калышты. Мени коопсуз жерге алпарып коюшту. Аскерлер Атамбаевди издеп жатышты.

– Атайын даярдыктагы аскерлер короого кирип келгенде биринчи оюңузга эмнелер келди?

– Андайда оюң бир жерде болбой калат экен. Баардыы чагылгандай тез башталып кетти да. Кийин эл келип, короодогу спецназдар качты. Үйдүн ичинде да калып кетишкен экен. Эч кимге баш ийбеген “толпа” түзүлүп калды. “Ок атпагыла”деп кыйкырып жаттым.

– Ошол учурда Атамбаев өзү эмне деп жатты?

– Ал түнү Алмаз Шаршенович үчүнчү кабатта болуптур. Ошол түнү тарапташтар “Атамбаев эле көрүнүп койсун, баары жакшы экенине ынаналы” деп жатышты. Ошондо Алмаз Шаршенович видеокайрылуу жасады. Ал түнү Атамбаев 3-кабаттан түшкөн жок. Албетте, өкүндү. Бир жоокерге ок тийип, каза болгонун айттык. Азыр “Атамбаев 3-кабаттан туруп алып атты”деп жатышпайбы? Мен 3-кабаттан кан көргөн жокмун. Менде бири-бирин атып алыштыбы, же жоокерлерден куралды тартып алган атайын чагымчылдар аттыбы деген күмөн ой бар. Муну атайын комиссия, тергөө, укук коргоо органдары аныкташы керек.

– Ал киши өзү “5-6 жолу ок атканым чын, балким, ок жаңылып тийип калгандыр” деп айтып жатат го?..

– Айтканы мындай да. Ал бирөөнү сатып кете турган адам эмес. “Жан сакчылары атты” деген сөз чыгып кеткени үчүн “курал менде гана бар болчу, мен аттым” деп жатат. Анын сөзүн башка нукка буруп, эми “Атамбаев өлтүрдү” дешүүдө.

– Үйдүн ичине темир тордон эшиктер тагылып, калың тосмолор коюлуп айтор, коргонууга мыкты шарт түзүлгөнү көрүнүп турат. Максатыңыздар кандай эле? Атамбаевди суракка жөнөтпөй, канча убакыт үйдө калкалап, туруштук берип тура алабыз деп ойлодуңуздар эле?

– Атамбаев өзү “азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттерине баш ийбейм” деп айтып жаткан. Мисалы, экс-президент статусунан ажыратуунун өзү мыйзамсыз. Азыр анализдеп көрсөк, алгачкы күнкү спецназ чагымчылдык үчүн атайын жөнөтүлгөнбү деген ойлор келүүдө. Ок атылып, жоокердин каза табышы боюнча жоопкерчилик азыркы бийликте жана укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринде турат.

– Макул, бийликтин аракети мыйзамсыз болсун дейли. Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн башка жол жок беле?

– “Кармаганы келсе, атам” деп айтып эле жатты да. Кандай ойдо айтты, аны Алмаз Шаршеновичтен сурабаптырмын. Бирок анын жеке үйүнө бастырып киришсе, анын аракети кандай болмок эле? Балким, коргонуу, коркутуу үчүн асманга аткандыр.

– КСДПнын активдүү өкүлдөрү ИВСте деп угуп жатабыз. Кимдер кармалды?

– Бизге түшүнүксүз иштер болуп жатат. Элдик штабдын мүчөсү Залкар Бакировду туугандары 8-августтан бери таппай жатышат. Аны Көк-Жар жактан Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев менен бирге кармап кеткен экен. Сейит Атамбаевди коё беришти, Бакиров дале дайынсыз. Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны кармап кетишти. Окуянын эртеси “Форумдан Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков жана башкаларды кармап кетишти. Фарид Ниязовду, Кыяз Смаиловду, Алга Кылычовду, Амантур Жамгырчиевди 2 айга СИЗО-1 ге камакка алышты. Мирбек Айтикеевди 10-октябрга чейин Камакка алыптыр деген маалымат түштү. Назгүл Мамытова менен жолдошун суракка алышты. Рита Борбукееваны УКМКга суракка чакырганы белгилүү болду. Мени да кайра-кайра суракка чакырып жатышат.

– Биринчи күнү багынып бербей, атүгүл бийлиике талап коюп жаткан Алмазбек Атамбаев экинчи күндөгү операцияда өзү чыкты. Мунун башкы себеби эмне болду?

– 8-август күнү мен да 3-кабатта элем, “Форумда” өтүүчү митинг тууралуу сүйлөшүп жатканбыз. Сыртта дагы штурм башталды, эшиктер бекилип, биз Алмаз Шаршеновичтин жанында калдык. Бир маалда газдын жыты келе баштады.

3-кабатка чыгып алгач министр Кашкар Жунушалиев сүйлөдү, андан кийин анын орун басары Курсан Асанов келди. “Чыгыңыз, жаман окуяляр болуп кетпесин” дешти. Биз кеңештик. Элди ойлоп, дагы өлүмдөр болбосун деген ойдо Алмаз Шаршенович өз ыктыяры менен чыгуу чечимине келди. Бул чечим оңойго турган жок. Муну мен Атамбаевдин багынып берүүсү деп эсептебейм. Бул элди, мамлекетти ойлогон адамдын туура чечими. Чындык баары бир жеңет, биз сынбайбыз. Бизди коркутуп, оозубузду жаап жок кылабыз дешсе жаңылышат. Бийлик башка жолго өтүшү шарт. Өлкөдө оппозиция болушу керек. Эгер коом укук бузууларга көз жумуп отура берсек, анда эртең Атамбаев айткан Кокон хандыгында жашап калабыз.

– Коомчулукта сиздерге карата “ынтымакты бузууда, элди бөлүп жарууда” деген да сындар айтылып жатты. Мисалы, “Форумга”, андан ары Ак үйгө барабыз” деген билдирүү канчалык туура болду деп ойлойсуз?

– Ал ошол жердеги элдин талабы болду. Спецназ кайткандан кийин “кеттик” деген ураандар чыкты. Түндө элди биз токтотуп калдык. Балким, арасында чагымчылар жүргөндүр.

– Саясий амбициялардын артынан кыргызда көп жолу карапайым адамдар жабыр тартышты. Атамбаев ушул жагынан тынчсыздандыбы?

– Бул жерде Алмаз Шаршеновичтин саясий амбициясы болгон жок. Тескерисинче, ал бийликтин курмандыгы болду. Бийлик радикалдуу кадамдарга барбаса, биз өз ишибизди жасай бермекпиз. Партияны бекемдеп, шайлоого катышабыз деген эле оюбуз бар эле.

– Сурактар уланары түшүнүктүү, мындан аркы абалды кандай элестетип жатасыз?

.. – Менимче, Өмүрбек Бабанавдун өлкөгө кайтып келиши жөн эмес. Ал бийлик менен сүйлөшуп алып келди, болбосо аны аэропорттон эле кармап, УКМКга алпарып камап алышмак. Саясатта чоң өзгөрүү болуп, Абылгазиевдин ордуна Бабановду өкмөт башчылыкка дайындайт го деген ой бар. Бирок ушуну менен эле маселе чечилеби? Эгер бийликте чын эле Кыргызстанды өнүктүрөм деген ой болсо, анда Атамбаевге байланыштуу радикалдуу кадамдарга барбай, башка жолду тандашы керек.

– Болуп өткөн жагымсыз окуялар үчүн өкүнөсүзбү?

– Атамбаевдин абакта отурганы өкүндүрөт. Бирок бул баары бүттү дегендик эмес. Тынчтык болсо, чындык бир күнү чыгат. Эл Кыргыз жеринде Кокон хандыгынын орношуна жол бербейт деп ишенем.

Маектешкен: Автандил Добулбеков

Булак: «Супер инфо»

Видео - Орозбек Опумбаев, КР УКМК төрагасы: “Атамбаев кан төгүү жолу менен мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн!”

КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы О.Опумбаев Кой-Таштагы окуялар кандай болгонун “Майдан.kg” гезитине айтып берди. Төмөндө төраганын айтып бергендери эч өзгөртүүсүз берилди…

– Өзүңүздөр билгендей, А.Атамбаев ИИМ тарабынан жиберилген мыйзам чегиндеги чакырууларгга карабай, тергөө органдарына суракка келүүдөн баш тарткан. Жада калса ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов келгенде үйүнө киргизбей, короосуна бекинип отуруп алган. Ал кийинки кадам күч менен алып кетүү экендигин билген. Ошол себептен атайын, бардыгын билип туруп айланасында балдарды, аялдарды жада калса картаң адамдарды чогулткан. Ошол жерде жүргөндөргө 1000 сомдон 3000 сомго чейин акча төлөп турган. Короосуна таш чогултуп, даярдык көргөн.

Атамбаев милиция кызматкерлери келгенде кагылышуу болоорун болжолдоп, атайын ушул кадамдарга барган. Анткени анын оюнда кан төгүлүшү керек эле. Андан ары мамлекеттик төңкөрүш кылуу максатын көздөгөн.

Атамбаевдин ушул максаттары билингенде кийин, аны күч менен суракка алып келүү иш чарасын мыйзам чегинде ишке ашыруу чечими кабыл алынган. Бул боюнча ИИМ тергөөчүсү токтом чыгарып, аны аткаруу милдетин УКМКга жүктөгөн. Бирок, Атамбаев өз эрки менен келүүгө каршы чыгаары жана таш, курал-жарак колдоноору тууралуу маалымат алынган сон, УКМК атайын кызматын колдонуу чечимин кабыл алганбыз. Биз бул жерден мыйзам бузган жокпуз. Эсиңиздерде болсо Ош областында баңгикурьерлерди, Кара-Балта шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоодо дагы атайын кызматтын аскерлерин колдонгонбуз.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция эмес, жөн гана тергөө амалдарын өткөзүү боюнча пландалган гана иш аракет болчу.

Атайын кызматтын аскерлери мыйзам чегинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн барган ыкчам топтун коопсуздугун камсыздашы керек болчу. Тактап айтсак, алардын жанында ок атуучу куралдар болгон эмес.

Бул иш чараны баштоодон мурун 5 вариант даярдалып, анын ичинен эң жарактуусун ишке ашырууну чечтик.

Биздин ар бир кылган иштер тууралуу маалыматтар Атамбаевдин штабына жетип калып жатты. Аны мурунку кызматкерлер Абдил Сегизбаев, Исраиловдор жеткирип жатышты. Ар бир маалымат Атамбаевдин штабына жарым сатта жетип калып жатты, ошондуктан күтүлбөстүк керек болду.

Эмне үчүн 7-август? Анткени, Балыкчыда “Эдельвейс полигонунда “Гром-2019” машыгуулары өтүп жаткан. Атайын күчтөр кызматкерлеринин бир бөлүгү ошол жакта болчу.

Конспирация максатында Кой-Ташка барышты, бул жөнүндө төрт адам гана билген. Акыркы мүнөттөрдү иш-чаранын үстүндө иштеп чыктык. Атамбаевдин штабы операция тууралуу билген эмес.

Президент, куралдуу күчтөрдүн кол башчысы “иш чараны өткөзүүдө бир дагы жай тургун жабыркабашы керек”- деп катуу тапшырма берген. Эң башкысы бардык кадамдар мыйзам чегинде болуусу керек деп баса белгилеген.

Атамбаев эшикти ачпай койгон, ошондуктан атайын күч кызматкерлери дубалдан секирип кирип, беш ыкчам кызматкерлерин киргизиш үчүн эшикти ачышкан. Ал жерде болгону “Альфанын” 57 аскери, беш ыкчам кызматкери жана үч башкармалыктын башчылары катышкан.

Ага карабастан, бир аскер дубалдан секирип киргенде эле, алар четтен келген душмандай эле, таш ыргытып башташкан.

Атамбаев, ал убакта, коенго окшоп, өзүнүн 30га жакын коргоочуларын таштап, жансакчылары менен үйүнө качып кирип кеткен. Бул жерде, башкы максат аны үйүнө киргизбөө керек эле, бирок ал качканга жетишти.

Ал өзүнүн үйүнөн бункер жасап алыптыр. Өзүңөр көргөндөй, ал жерге атайын атууга жана октон коргонуучу тосмолор даярдалган, калга жана терезелер тосулган, үчүнчү кабатка кириш кыйын болгон.

Жеринен, Драгунов снайперлик мынтыгы табылып алынды. Бул курал биздин жана Россиянын атайын кызматтарында гана кездешет. Анын кыйратуучу күчү – 1500 метр.

Биз 480 дана ок-дары салынган эки цинк куту, дагы 4-5 мынтык, тапанча жана амуниция табылып алынды.

Көптөр мындай суроолорду берип жатышат: “эмнеге жалпысынан 50 кызматкер, эмне үчүн куралчан эмес?”. Биз билчүбүз Атамбаев ар бир ишемби күндөрү концерт өткөрүп турганын. Ал өзүнүн айланасына жаш балдарды, чоң апа, чоң аталарды чогултуп алган. Башаламандык боло турган болсо аймактагы элдерди чоң жоготууга учуратып алмакпыз. Ошондуктан айланасында аз адам болгон учурда иш-аракетти өткөрүү чечими болгон.

Атамбаев куралдуу каршылык көрсөтүүгө даяр турган. Биздин кызматкерлер ал жерден курал колдонбой, эрдик кылды десек болот. Атамбаевдин тарапкерлери жана жай тургундардын арасынан бир да адам ок атуучу куралдан жабыркаган жок. Бирок, тилекке каршы биздин бир кызматкер октон каза болду. Эң өкүнүчтүүсү ошол болду. Жанымда Чүй областтык ИИББнын башчысы Самат Курманкулов турганда, анын башына таш тийди.

Ошол учурда аны сактап кала албай калганыма өкүнөм. Жаныбызда Орозалиев, Курсан Асанов, Талант Исаевдер турган. Бизди таш менен чаап жатышты.

Жалпысынан айтканда ал коркок. Ал куралчан эмес биздин балдарды атты, бул мыкаачылык.

8-август күнү Атамбаев өзүнүн билдирүүсүндө “атайын кызматкерлер тарапка алты ок аттым”- деп айтты. Чындыгында ошол алты ок атылгандыгы боюнча факты такталды. Биринчиси Үсөн Ниязбековго тийген ок. Соттук-медициналык экспертиза көрсөткөндөй, аны так жүрөккө атышкан. Ал ошол жерден каза болгон.

Мындан сырткары жаракат алган кызматкерлер:

– улук лейтенант Ж.У., Нарын областынын тургуну, ок эки колуна тийип, салааларын алып кеткен, сол көзүнөн контузия алган. УКМК 2009-жылдан бери кызмат кылат;

– лейтенант И.Б., Нарын областынын тургуну – көкүрөгүндө октон жараат алган. УКМК 2014-жылдан бери кызмат кылат;

– полковник В.А. Чүй областынын тургуну – жабык баш-сөөк жаракаты, оң билегинен жарат алып, чыканак сөөгү майдаланып сынып, курсагынын сол жагында октон жаракат алган. УКМК 1997-жылдан бери кызмат кылат;

– майор М.Б. Ысык-Көл областынын тургуну – сол ийининде октон жарат алып, баш мээси чайкалган. УКМК 2013-жылдан бери кызмат кылат;

– подполковник С.С. Бишкек шаарынын тургуну –жабык баш-сөөк жаракаты, далысынын оң жагында октон жарат, оң санында кесилген жараттарды алып, жумшак бет ткандары жабыркаган. УКМК 2004-жылдан бери кызмат кылат;

Жана башка кызматкерлер да ар кандай жаракаттарды алышкан.

Муну ачык эле адам өлтүрүү десек болот.

Эртеси 8-август күнү Атамбаев кармалды. Өз эрким менен багынып бербейм деп айтканына карабастан кармалды. Чын-чынына келгенде ал коркок. Атайын кызматтын куралсыз аскерлерине ок атканын таш боордук десек болот.

Булак: «Майдан»

Алаканын ушалап, күздү күткөн Жусупжан Жээнбеков

Соцтармактарда коомдук жат көрүнүштөргө ой-пикирин жазып, омбу-домбусунан болсо да курч сындамайы бар Жусупжан Жээнбековду ким билбейт? Эки жолу Жалал-Абадга, бир ирет Талас облусуна губернатор болгон. Өзгөчө кырдаалдарда, курч жагдайларда эл менен иштешүүнү өздөштүргөнү маалым. А баса, Бакиевдик кандуу режимде бийликке ачуу сын пикир айткандан тайманбаганы, ошонун айынан баласы жоголуп кеткени да эсибизде. Айтор, бу кишинин башынан оор сыноолор өткөн. Учурда каарманыбыз эс алууда. Бирок, «атаң алтымыштан ашканда, алдап-соолап күчүн ал» дегендей, Жусукеге ушу турушунда жетекчилик бир кызмат болсо, күүлдөп эле иштеп бермек. Бийликтин колуна кол, бутуна бут болуп. Эгер сырттан байкоо оолугуп, эски досу Атамбаев менен кол кармашып, элдешкис оппозицияга өтүп кетсечи? Кыязы, топ жарып, бакылдап, элди баштаганга ыктуу жан эле Жусупжан Жээнбеков. Күздө саясый кырдаал копшолсо жөн жатпаса керек. Ошол жагын күтүп аткандай, алаканын ушалап…

Булак: «Азия ньюс»

Миргүл Урматбекова, Сузак районунун тургуну: "Күйөөмдүн ур-токмогунан майыпка айландым"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Урматбекова Миргүл гематома оорусуна чалдыгып, баш сөөгү сынып 2-топтогу майыпка айланган. Толук сакая албай, 2-операциясына каражаты жок. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө тилемчилик кылып элден жардам сурап олтурат. Бул тагдырга кантип туш болгонун өзүнүн билдирүүсүнөн билсек болот.
– Эже, татаал тагдырга кандай себептерден улам туш болдуңуз?

– Күйөөм экөөбүз 10 жыл жашадык, ортобузда балабыз жок. Күйөөм устачылык менен иштечү. Үйдө олтура бербей мен да иштейин деп, ашканадан жумуш таап иштеп калдым. Келген кардарларга эркекпи, аялыбы жылуу мамиле кылып, жакшы сүйлөшүң керек. Аны күйөөм туура түшүнбөй кызганып, мени ур-токмокко алып, эс-учумду жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам жанымдагылар жандандыруу бөлүмүндөсүз дешти. Киши таанылгыс болуп калыптырмын. Ичим да жарылып, шланга салып коюшуптур. А баш мээм гематома болуп, баш сөөгүм сыныптыр. Врачтар «Баш мээге тез арада операция кылыш керек, бүгүндөн калбай» – деп эжеме айтыптыр. Эжем болгон акчасын чыгарып, калганын карызга алып мени операцияга киргизди. Күйөөм эч кандай жардам берген жок. Ошентип баш сөөктүн гематомасын алды. Эми ушул алынган сөөктүн ордуна пластмасса коюп, эки сөөктү бириктирип мээни жабыш керек. Пластмасса коюлбаса, кокустуктан башыма катуурак бир нерсе тийсе же жыгылып башым менен тийсем өлүп калышым мүмкүн. Ошол операция жасатыш үчүн жардамга муктаж болуп турам. Ушинтип күйөөмдүн кесепетинен 2-топтогу майыптыктын азабын тартып олтурам. Бир туугандарым кийимиме, дары-дармекке жардам беришет. Бирок алардын да өзүнүн турмушу бар да. Алардын деле жарыткан иштери жок болгондуктан тапкандары күнүмдүкө гана жетет. Азыр эжемдин карамагындамын.

– Күйөөңүздүн үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазган жоксузбу?

– Жаздым. Ишти Биринчи май райондук соту карады. Сотто эжем күйөөмдүн ата-энесине, бир туугандарына: «Бизден капа болбогула, 1 ай оор оору менен ооруканада жатса да бир да кол кабыш кылып койбодуңар. Сиңдим ажырашат. Балаңарды ушул убакка чейин
кой деп келдик, аягы минтип оорулуу, майып кылды. Силер балаңарды тыйып койгонго жараган жоксуңар» – деп абалды түшүндүрдү. Эч кимиси эч нерсе деген жок. Күйөөм болсо кылгандарынын баарын мойнуна алып 6 жылга камалды.

– Майыптыгыңыз боюнча Өкмөттөн бир жардам болобу?

– Жок, жардам алганым жок. Документимди жоготуп алгам. Документ тапшырыш үчүн ал да акчага келип такалат экен. Азыр кайсы жерге кайрылышымды да билбейм. Шартым да жок.

– Сизди көргөн эл кандай жардам берип жатат?

– Көргөн адамдар анча-мынча тыйын таштап кетет. Бирок ал эч нерсеме жетпейт. Дарылырым кымбат. Ушул силердин газитке чыксам, өкмөт, айрым кайрымдуу жарандар жардам көрсөтөбү деп үмүт кылам. Өзүм иштейин десем ден соолугум туруштук бербейт…

Кайдыгер карабаган, жардамын аябаган инсандар үчүн Миргүл айымдын телефон номери аркылуу байланышсаңыздар болот: 0708 935 253

Маектешкен: Жайлообаева Айжамал

Булак: «Фабула»

Бактыгүл Бадыева жылына 101 роза алат

29-май күнү ырчы Бактыгүл Бадыева туулган күнүн белгиледи. 34 жашка толгон Бактыгүл Бадыева туулган күнүн апасы, бир туугандары менен белгиледи. Туулган күнүн алгачкылардан болуп жолдошу куттуктаган. Ал жыл сайын түнкү он экиде 101 роза гүлүн белек кылып келет. Үч кыздын энеси, ырчы 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн. Ал сахнага «Сүйүү тамгасы», «Кайдасың?», «Жүрөк тагы», «Энекем» аттуу ырлары менен элге таанылган.

Булак: «Айгай-пресс»

Бегалы Наргозуев, коомдук ишмер: “Батукаев көптөгөн кыргыз жарандарын өлтүрүп, кулактарын кескен. АШАчылар аны чыгарып, элибизди тебелетти!”

– Бегалы мырза, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ошол кездеги вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Шамил Атаханов жана Саламаттыкты сактоо министри камакка алынды. Бул маселенин алкагында дагы кимдер камакка алынышы мүмкүн?

– Негизи Батукаевдин иши боюнча Шамил Атахановдун камалганы туура эле болду. Анткени, ал буйрукту аткаруучулардын бири болгон. Бирок, ал азырынча ким буйрук бергенин айтпай жатса керек. Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылганы боюнча иш алдыга жылып баратса, коомчулукта “Шамил Атахановду камабаш керек эле, ал саясий куугунтукка кабылды” деген шылтоо менен аны коргоого алгандар чыга баштады. Анын шылтоосу менен орто кылымдагы трайбализмден чыкпаган байкуштар Атахановду коргомуш болуп, алардын кожоюну Атамбаевге ачык эле жан тарта башташты. Анткени, андан кийинки маселелер логикалык жактан алып караганда Атамбаевге барып такалат. Себеби, Батукаевди Атамбаевдин буйругу жок эч ким бошото албайт болчу. Эгер Атамбаев бул ишке киришпегенде эбак эле популистигин карматып, 2013-жылы эле кримтөбөлдү чыгарып жиберген тийиштүү кишилерди каматып салмак. Кыскасы, Батукаев түздөн-түз Атамбаевдин буйругу менен чыккан мыйзам бузуу. Бирок, ага карабай атамбаевчилер чыйпылыктап, муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Алар өздөрү түшүнбөй эле “Атахановду СИЗОго камап коюшуптур, УКМКга камаш керек эле”- деп жатышат. СИЗОго камаганда деле бул иш УКМКнын функциясына кирбейт. Анткени, бул ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатат. Эгер бул иш коопсуздук маселесине кирген иш болсо, Башкы прокуратура УКМКга бермек. Эми Атахановдун иши Ички иштер министрлигинин линиясы менен кетиши керек. Кылдан кыйкым издегендер кыйыр түрдө дагы, түз түрүндө дагы Атамбаев менен Атахановду коргоого алышканы уят эле иш болду. Анткени, Батукаев канчалаган кыргыздын жарандарын өлтүрүп, кулактарын кескен. Кримтөбөлдөрдөн бийлик талашып канчалаган жазыксыз кишилерди, депутаттарды баш кылып, жардамчыларын төш кылып өлтүргөн. Ага чейин да канчалаган адамдарды өлтүргөнү үчүн узак жылга соттолгон. Мына ушундай оор кылмыштарды жасап түрмөдө отурган чоң кылмышкерди чыгарып жиберишкени кыргыздарды тебелеген, орунсуз, осол иш болду. Ошон үчүн коомчулук Батукаевди мыйзамсыз чыгарганга тиешеси барлардын баарына юридикалык да, саясий да баа берилиши керек деп жатат. Кыргызстанда мындай иш экинчи кайталанбаш үчүн тиешелүүлөрдүн жазалаш керек.

– Мындай сунуштар Атамбаевдин доорунда эле түштүбү же ага чейин деле түшчү беле?

– Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле андай адамдарды бошотууга 10 миллион долларга чейин берели деген сунуштар түшкөн. Бирок, алар ага макул болушкан эмес. Канкор деген Жаныш Бакиевдин өзүнө да так ошондой сунуш түшкөн. Бирок, Жаныш Бакиев алардын шартына, сунушуна көнбөй койгон. Тилекке каршы, Атамбаевдин кошоматчылары жана жан-жөөкөрлөрү кыргызга кыянатчылык кылган ишке барабар иш кылып, Батукаевди чыгарып жиберишти. Башкача айтканда, лидер, кримтөбөл болом деп бардыгын талкалаган кишини мамлекеттен кызыл килем төшөп узатуу Атамбаевдин режиминде гана орун алды.

– Эми адилеттүүлүктү орнотуш үчүн сөзсүз Батукаевди да кайра алып келип камаш керекпи?

– Батукаевди алып келүү аракети жасалганы менен ал формалдуу түрдө гана болуп калат. Анткени, аны 10 миллион долларга чейин берип, бошотуп кеткен тарап бербейт. Прокуратура тийиштүү документтерин жөнөткөнү менен ал башка мамлекеттин жарандыгын алып алган. Ошондуктан алар эч качан өз жаранын бербейт. Ошон үчүн аны кайра бербей турган абалга жеткирип, түрмөдөн чыгарып жиберишкендердин бардыгын жазалаш керек. Анткени, башка мамлекетте Атамбаевдин доорунда орун алгандай осол нерсе орун алышы мүмкүн эмес.

Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Кытайдын 1,7 млрд. доллар карызы Кыргызстанга коркунуч жаратат

Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын ичинде бир эле Кытай мамлекетине 1,7 млрд. доллар карызыбыз бар. 1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 миллиард 99 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя.

Анын айтымыңда, учурда республиканын тышкы карызынын жалпы суммасы 4 миллиард доллардын тегерегинде. Ошолордун ичинен коомчулук кооптонгондой эле Кытайдын карызы биздин өлкө үчүн чоң коркунуч жаратып турат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров: “Кыргызстан буга чейинки алган карыздарын өз убагында эле төлөп келе жатат. Коомчулукту кооптонткон карыз — бул соңку 4-5 жылдын ичинде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Бул карыз алынып жатканда саясий эмоция менен чечим чыгарылып калган. Анткени 2 миллиард үчүн 20 жыл абдан аз убакыт. Экинчиден, өлкө экономикасы үчүн олуттуу орду бар Ош — Бишкек жолу, жылуулук тармагы жана Датка-Кемин долбоору эгер насыя көрсөтүлгөн убактысынан бир саат, бир күн кечиктирилип төлөнсө, Кытай тарапка өтүп кетет дегенге макулдук берилип калган. Башкача айтканда, ушул үч объектини кытайлар алып, иштетип калышат. Үчүнчүдөн, соттук иштер Гонконгдо, кытай тилинде, ошол мамлекеттин соода-сатык палатасынын эрежелери менен жүргүзүлөрүнө макулдук берилген. Ушундай катаал шартка карабай учурда Кыргызстан карызды өз убактысы менен төлөп келе жатат жана келечекте бул насыядан чыгашасыз кутулабыз деп ишенебиз”, — дейт.

Булак: «Факты.kg»

Түркияга жумуш визасы 283 доллардан 30 долларга түштү

Кыргызстандын жана Түркиянын Тышкы иштер министрлери Чынгыз Айдарбеков жана Мевлют Чавушоглу эки өлкөнүн жумуш визасынын тарифин 283 доллардан 30 долларга түшүрүү боюнча макулдашышты. Жаңы тарифтер 15-майдан баштап иштеп баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлери мындан сырткары, саламаттыкты сактоо жана медициналык билим алуу тармагында кызматташуу боюнча жакынкы убакта макулдашууларга кол коюу тууралуу сүйлөшүштү. Жаңы макулдашууда буга чейинки Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга болгон квотаны 100дөн 150гө чейин көбөйтүү каралмакчы.

Булак: «Мантыш»

Меню