Menu

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу

Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталарын айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

“Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул “Камбар-Ата-1”, “Кумтөр” экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган.

Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жапаров муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен соңку жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн “Кабар” улуттук маалымат агентигине курган маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү уланууда

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу депутаттын суроосуна жооп берди. Анда үч тараптуу сүйлөшүү уланып жатканын, тактай турган маселелер бар экенин айтты.

“Ким курат, кайсы тараптан курат жана баасы боюнча бир топ сүйлөшүүлөр болуп жатат. Андан сырткары жолдун туурасы боюнча дагы маселелер бар. Аны биз кошуна мамлекеттер менен дагы макулдашуубуз керек”, – деди Тиллаев.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Февраль айында Бээжинде президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт.

Садыр Жапаров: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керек

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керек, — деп билдирди бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак — бир жол» тышкы саясий демилгеси азыркы замандын эң олуттуу жана маанилүү эл аралык инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналарын белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасы аны биринчилерден болуп колдогонун эске салып, бул башка нерселер менен катар тарыхый өбөлгөлөр менен байланышкан жана биздин стратегиялык өнөктөштүктүн духуна дал келет.

«Кыргызстан бул масштабдуу иш-чараны биргелешип ишке ашырууга өзгөчө маани берет, ал акырында ар кайсы өлкөлөрдүн ынтымакта жанаша жашоосу жана ынтымагын өнүктүрүүгө багытталган. Ошол эле учурда „Бир алкак — бир жол“ демилгеси бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык кайра түзүлүшү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деди Садыр Жапаров.

Президент аны мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу Борбордук Азиядагы экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга көмөктөшөрүнө ишеним артты.

«Аймакта автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды ачуу боюнча биргелешкен инфраструктуралык программаларды натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгы бүгүнкү күндүн талабы», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болуп, жергиликтүү коммуникация потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болушу керектигин өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров транспорт системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы сооданын олуттуу өсүшүнө шарт түзөт деген пикирин билдирди.

Мамлекет башчысы мындан тышкары, ишкердик активдүүлүктү колдоо жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары арттыруу үчүн өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу менен Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз жүк ташууларды камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейт.

Ал импортту жана экспортту тоскоолдуксуз ишке ашыруу үчүн «жашыл коридорлордун» эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди, анын ичинде социалдык маанилүү объектилер жана экономикалык долбоорлор үчүн жабдууларды жана механизмдерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мындан ары да Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын күч-аракети «Бир алкак — бир жол» стратегиялык демилгесинин алкагында өз ара пайдалуу экономикалык, финансылык, инвестициялык, инновациялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталарына ишеним артты.

Меню