Menu

Айбек Жунушалиев

Айбек Жунушалиев КР Президентинин Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Жунушалиев Айбек Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.

Бишкек, Ош жана Токмокто мэрлер шайланды

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды. Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Жунушалиев президент Садыр Жапаров саясий иштерге, шайлоого административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, эскертүү бергенин, бир дагы саясий партияда мүчө болбогонун жана андай ою жок экенин, Бишкекте бизнес кызыкчылыгы жоктугун айтты.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Бүгүн депутаттардын алдында сүйлөп жатып ал вице-мэрлердин бири аял болушу керектигин айтты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Министрлер Кабинетинде Терек-Сай айылындагы дарыянын булганышы боюнча жарандардын кайрылуусу каралды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылындагы дарыянын булгап жатышы маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Окуянын видеотасмасы 2021-жылдын 16-июлунда Facebook социалдык тармагында жарыяланган.

«Эти Бакыр Терексай» компаниясынын маалыматы боюнча, аталган тилкеде, Терек-Сай дарыясынын жанындагы тилкеде насостук станциянын курулушу жүрүп, бетону куюлууда. Өз кезегинде дарыянын суусу пайдубалды каптоодо, буга байланыштуу аны сордуруп алуу зарылдыгы келип чыгууда. 2021-жылдын 16-июлунда компания кызматкерлери тараптан суу сордурулуп чыгып, ал дайрага бурулган, ал жерде химиялык элементтер жана зыяндуу кошулмалар жок.

Терексай айыл аймагынын жетекчилиги сууну сордурууну тез арада токтотуп, «Эти Бакыр Терексай» компаниясына айлана-чөйрөнүн булгануусуна жол берилбестиги жана ишкананын жооптуу кызматкерлерине чара көрүү тууралуу эскертүүсү менен кайрылган.

Кеңешменин жүрүшүндө Айбек Жунушалиев экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдарды кыйшаюсуз аткаруу боюнча тараптардын жоопкерчилигин эске салды.

Жергиликтүү бийлик органдарына, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга, Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттикке тоо-кен казып алуу ишканаларына карата айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эрежелердин талаптарына жооп берүү жаатында тутумдуу көзөмөлдү күчөтүү жана ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында бул иштин жагдайларын аныктоо жана суунун сапатына ар тараптуу лабораториялык анализ жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, «Кыргызалтын» ААКга бардык биргелешкен ишканаларда техникалык жана экологиялык коопсуздук көзөмөлүн күчөтүү тапшырылды.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсына дарыяга суулардын агып кирбеси үчүн аталган тилкеде суу сордуруу үчүн атайын техниканы колдонуу тапшырылды.

Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Меню