Menu

Акбөкөн Таштанбеков

УКМК: КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат.

2021-жылдын 6-декабрында КР БШК А.Таштанбековду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алынып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду

Социалдык тармактарда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган.

Бул чагымчыл видеодо А.Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат.

2021-жылдын 4-декабрында А.Таштанбековдун аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен, кылмыш иши козголгон.

2021-жылдын 6-декабрында тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, А.Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Меню