Menu

Алдамчылар

ИИМ: Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында бирөөнүн жер тилкесин жасалма паспорт менен $60.000 акчага сатып жиберген алдамчы кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Чүй облусунун тургуну ички иштер органдарына кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдирген.
Жабырлануучу 22-сентябрь күнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан жер тилкелерин чала тааныш аялдан 60 миң АКШ долларына сатып алган.
Кийинчерээк ал башка бирөөнүн жерин жасалма паспорт менен сатып алганы аныкталган.
Аталган факты КБРге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жогорудагы кылмыш ишине алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон 1972-жылы туулган Э.Ж. аттуу жарандын (аял киши) катышкандыгы аныкталды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып,  17-октябрда Бишкек шаарындагы туугандарынын үйүндө  жашынып жүргөн жеринен кармашкан. Кошумчалай кетсек, бул жаран ушул сыяктуу көптөгөн фактыларды жасаган деп шектелип, былтыр ноябрда ага издөө жарыяланган.
Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстанда кылмыш жасап, Россияга качып кетишкен жарандар кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер улантылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россия Федерациясынын аймактык укук коргоо органдары өз мекенинде издөөдө жүргөн жана Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныкталды.
2020-жылы мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Р.А.нын жашаган жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү, ал Кылмыш-жаза кодексинин буга чейинки редакциянын 166-беренесинин 2-бөлүмү менен (олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы боюнча) Бишкек шаарынын Ленин РИИБси тарабынан издөөгө алынган.
2015-жылы жайында аталган жаран BMW үлгүсүндөгү автоунааны сатып алган, бирок болгону 1000 доллар төлөгөн, калган суммасын кийинчиреек төлөп берүүгө убада берип, андан көп өтпөй бир айдан кийин ал БМВны башка унаага алмаштырып, өзү качып кеткен.
Учурда издөөнүн демилгечисине анын кармалгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлүп, изделип жаткан адам Москва шаарынын тергөө абагына киргизилип, Минск конвенциясына ылайык аны өткөрүп берүү (экстрадиция) маселеси чечилип жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн, 1985-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун жараны М.А (аял киши) Москва шаарында жашырынып жүргөндүгү аныкталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан 2021-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча издөөдө жүргөн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо).
Издөөнүн демилгечиси кармалгандыгы тууралуу кабарланып, кармалган адамды белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү маселеси чечилүүдө.
Издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1985-жылы туулган Э.М. Россия Федерациясынын аймагында кармалган, ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан 2016-жылдын июнь айынан бери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүндө (Бейбаштык) каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн (мурунку редакциясы 1997 ж.)
Кийинчерээк ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Азыркы учурда издөөнүн демилгечисине билдирүү жөнөтүлдү, аны менен бирге кармалган адамды Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү андан ары жоопко тартуу маселеси чечилип жатат.
Меню