Menu

Анвар Кубанычбек уулу

Москвада өлтүрүлгөн Анвардын апасы кылмыш жасагандарды жазалоону талап кылды

Орусияда бычакталып каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, 26-мартта Жумгалда жерге берилди. Анын жанындагы шериги учурда оор абалда жатат.

Махабат Жанышева уулун бир жыл мурун Орусияга узатып, эми сөөгүн тосуп алды. Он жетиге эми толгон баласынын киши колдуу болгонуна ишенгиси келбей, боздоп отурат.

“Атасы жок өстүргөн баламды жок кылып алдымбы? Ушинтип айрылып каламбы? Акыйкаттык издейм, мен кылмышты жасаган төртөө деп угуп жатам. Төртөөнүн тең жазасын бергиле. Бойго жете элек болчу… Менин жөжөм бизди сыздатып калтырып кетип жатат. Жазасын бергиле…”.

Анвар бир жылдан бери Орусияда иштеген аталаш туугандарынын үйүндө жүргөн. Жумгалдагы аталаш агасы Мирбек Асаналиев инисинин өлүмү жөнүндө буларды айтып берди.

“Ал жакта (ред: Орусияда) 18 чыкмайынча жумушка албайт экен. Окуйм, жумуш чыгып калса иштейм деп жүргөн. Туугандардын үйүндө жардам берип жүргөн. Алар жакында эле балалуу болушкан. 21-мартта үйгө кечки саат 11лерде келген экен. Москвада бир үйдү ижарага алып, өзүнчө-өзүнчө бөлмөлөрдө жашашат эмеспи. Иним бир бөлмөдө үч бала менен турчу. Тууганыбыз саат түнкү бирде алар үйдө уктап жатышкан дейт. Саат үчтөрдө чоочуп ойгонуп кетип караса, үчөө тең жок экен. Алар түнү менен издеп, милицияга дагы барышат. Анан таңга маал кошуна райондон сөөгү табылып жатпайбы. Угушубузча үч кыз чакырган экен. Бир кыз менен алардын бирөө сүйлөшүп жүргөн окшойт. Өлтүргөн балдар кыздарды кое бербей жатат деп чакырышыптыр. Чыр чыгып инимди бөйрөккө сайып, бычакты бурап салыптыр. Экинчисин жүрөк тушка сайыптыр. Үчүнчүсү качып кеткен экен”, – деди Асаналиев.
Мирбек Асаналиевдин айтымында, бычак жеп аман калган 17 жаштагы улан Москвада ооруканада оор абалда жатат. Ал кеп болгон кыргызстандык үч кыз дагы күбө катары суралганын билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлады. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген жок. Бул окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.
Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Меню