Menu

“Ата-Мекен” социалисттик партиясы

Абакта жаткан "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Гүлнара Журабаеванын абалы начарлады

“Ата-Мекен” партиясынын көп жылдардан берки мүчөсү, ушул эле партиядан Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мүчө болуп шайланган, “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокат абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен, анын өнөкөт оорулары козголуп жатканын айтты.

“Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш”, – деген юрист 27-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевагы жолугуп чыкканын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Меню