Menu

Билим берүү

УКМК: Билим берүү тармагына бөлүнгөн 8,5 миллион сомду жеп алган Свердлов районунун билим берүү борборунун кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жана билим берүү тармагынын ишмердүүлүгүндөгү системалуу коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кылмыш иши козголуп, анын алкагында Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери А.А.Ф. тарабынан уюштурулган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган А.А.Ф. райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен келишимге келип алып, алар менен биргеликте райондук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган подряддык уюмдардын аффилирленген жактарынын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды алгандыгы аныкталды.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында 2014-жылдан азыркы учурга чейинки аралыкта 8 миллион 637 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган.

2023-жылдын 15-августунда А.А.Ф. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын ичинде башка райондук билим берүү борборлорунда да ушундай фактылардын жана схемалардын бар экендиги текшерилүүдө.

Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро бөлөт

 Бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду.
Аталган макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.
Европа Биримдигинин жардамы Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.
Меню