Menu

Военно-Антоновкадагы балдар үйү

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча маселе Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн көзөмөлүндө

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн керектүү чаралар көрүлүп жатат.

Бул факты боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген.

«Комиссия балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды объективдүү жана кылдаттык менен изилдеп чыгат», — деп билдирди Жыпариса Рысбекова.

Меню