Menu

Германия

Германия менен Нидерландда борборазиялык жарандар террорчулук шеги менен кармалды

Германия менен Нидерланд полициясы террордук чабуулдарга даярданган деп шек менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тогуз жаранын кармады.

Германиянын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыргызстандык, түркмөнстандык жана беш тажикстандык жаран кармалган. Алардын шериктери: тажикстандык жана кыргызстандык жубайлар да колго түшкөн.

Кармалгандар террордук уюм түзүүгө жана анын ишине катышууга, ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмун колдоого шектелишүүдө.

Маалыматка караганда, кармалгандар бири-бирин көптөн бери билишкен жана баары Германияга Украинадан, ал жакта согуш башталгандан көп өтпөй барышкан.

Алар ошол эле 2022-жылы террордук уюм түзүп, Германияда бутага алчу жерлерди караштырып, курал-жабдык табуу аракетин көрүп жүрүшкөн. Прокуратура билдиргендей, алардын кармалган маалда кайсы бир жерге кол салуу боюнча так пландары болгон эмес.

Шектелгендердин соту 6-7 июль күндөрү өтүп, алардын бөгөт чарасы каралат.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кармалган кыргызстандыктар тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Германияда 70 кесип боюнча 1,2 миллион адис жетишпейт

Германиянын Эмгек агенттиги 70 кесип боюнча 1,2 миллиондой адис жетишпей жатканын эскертти. Бул тууралуу “Немис толкуну” кабарлады.

“Бардык тармактарда адистер менен стажерлорго муктаж компаниялардын саны өсүүдө. Бул орто бизнесте атаандашуу дараметин коркунучка кептейт жана ал толугу менен Германияга залакасын тийгизет”, – деди Германиянын чакан жана орто ишканаларынын федералдык биримдигинин (BVMW) аткаруучу директору Маркус Йергер.

Ал квалификациялуу адистерди иммиграциялоо ишин колго алууга чакырды.

Йергердин айтымында, көптөгөн компаниялар адискөй кызматкерлердин тартыштыгынан буюртмалардан баш тартууга аргасыз болушууда.

“Германияда 390 кесип боюнча билим берилет жана бардык тармакта жаңы окуучулар жетишсиз”, – деди Йергер.

Эмгек боюнча федаралдык агенттик өлкөдө болжол менен 70тей кесип боюнча адистер тартыш болуп жатканын эскертти.

“Жалпысынан 1,2 миллион жумушчу зарыл болсо, анын үчтөн экиси – адистер”, – деди агенттиктин башчысы Детлеф Шеле.

Германия Экономика институтунун соңку иликтөөлөрүнө караганда, социалдык педагогдор, кары-картаңдар жана бейтаптар менен иштеген персоналдар жетишсиз. Мындан тышкары инженер-курулушчулар, сантехника адистери, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тартыш.

2012-жылы августта немис бийлиги Евробиримдиктен тышкаркы өлкөлөрдөн адистерди алып келүү үчүн “Көк карта” (Blue Card) долбоорун ишке киргизген. Бирок бул программа анча жыйынтык берген эмес.

Меню