Menu

Даламан-Бишкек-Даламан

Даламан - Бишкек - Даламан багыты боюнча чартердик аба каттамы ачылды

Бүгүн, 29-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты.
Биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Даламанга 178 жүргүнчү учуп кетти.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Айбек Байышбаев, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш иштер боюнча орун басары Расул Мамашов, Roxiana Travel Company Башкармалыгынын төрагасы- башкы директор Тавфикбек Азизов, Түркиянын Туризм министринин кеңешчиси Ахмет Хамди жана башкалар катышты.
Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу (шаршемби күндөрү) аткарат.
Меню