Menu

Дамира Ниязалиева

Ленин округундагы шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева 6073 добуш алып, алдыга чыкты.

БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган.

Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Ал вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн тушунда кыска мөөнөттө саламаттык сактоо министри болуп турган.

Шайлоодо 29 талапкер ат салышты жана алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Меню