Menu

Кемин

УКМК: 2 млн 600 миң сомду уурдап жеп алышкан Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ал акча каражаттарын төлөп беришти

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын УКМК материалдарынын негизинде Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлерине карата текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага ылайык, бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын орто ченинен бүгүнкү күнгө чейин райондун орто мектептеринин кээ бир мугалимдерине “Бай Түшүм” жана “РСК Банк” банктарынан эсеп ачып, алар аркылуу көрсөткөн кызматтарына акы төлөө деген шылтоо менен бюджеттик каражаттар чыгарылып турган.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн туруктуу схемасына бөгөт коюу максатында, КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Финансы министрлигинин адистерин тартуу менен текшерүү иштери дайындалды. 

Азыркы учурда, жүргүзүлүп жаткан тергөө материалдары боюнча мамлекетке 2 миллион 600 миң сом кайтарылып, туруктуу схеманын башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда. 

Билим берүү министрлигинин №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Хабарова Ольганын өлүмүнө байланыштуу ата-энелерге кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Хабарова Ольганын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Бизге маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Хабарова Ольга толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай Хабарова Ольга жансыз абалда табылган.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Хабарова Ольга Константиновна 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.

Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Кайгылуу окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникулу маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат.

 

Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү 42 жаштагы жаран кармалды

Кечээ, 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамаларында Кемин районунун ИИБнө Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен жаш кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБдүн ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, денеге кароо жургүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБнө жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. экендиги такталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтөрүп алып, бараарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.
Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К.аттуу жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 2021-жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишетри улантылууда.

Меню