Menu

Коон аткезчилиги

Баткенде бажы кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз келаткан 30 миң сомдук 1200 кг коонду колго түшүрүштү

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда КР жараны «К.У.О.» башкаруусундагы «Ford Transit» үлгүсүндөгү унаасы  кармалган. 

Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 1200 кг, наркы 30 000 сомду түзгөн коондор табылган. КР жараны «К.У.О.» жүктү Өзбекстандан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган. 

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген. 

КР Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүлүп берилди.

Оперативдүү бажы Кыргыз Республикасынын «К.У.О.» жаранына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Ford Transit» унаасына тиешелүү материалдар конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Меню