Menu

Кореядагы Кыргызстандын Соода үйү

Кореяда Кыргызстандын Соода үйүнүн расмий ачылышы болуп өттү

Түштүк Кореянын борборунда соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында 2022-жылдын 24-июнунда Корея Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Соода үйү Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен Кыргызстандан келген мекендешибиз, NAG Group компаниясынын президенти Надырбекова Гүлшайырдын жардамы менен түзүлүп, кыргыз продукциясын Корея рыногуна жылдыруу ниетин билдирген.

Расмий аземге Кыргыз Республикасынын Элчиси Аида Исмаилова, Корея импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) президенти Бён Кван Ким, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы ардактуу консулдары Ким Джон Гу жана Ким Хосонг, ошондой эле Кыргызстандын жана Кореянын жарандары катышты. Элчи Аида Исмаилова өз сөзүндө Корея Республикасы менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жакынкы арада Кыргызстандын продукциялары Корея Республикасынын ири соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде, KOIMA президенти Бён Кван Ким кореялык ишкерлер кыргыз продукциясынын сапатын жогору баалаарын белгилеп, кореялык рынокко органикалык продукцияны жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Соода үйүндө 23-июндан 25-июнга чейин «Import Goods Fair 2022» Эл аралык көргөзмөсүнө катышкан компаниялардын кийизден жасалган буюмдары, табигый бал, варенье жана башка продукциялары менен Кыргызстандын органикалык продукциялары коюлган.

Меню