Menu

Кочкор

Прокуратура: Кочкор - Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнү курууда 6 млн сомго жакын акчаны кымтып коюшкан

Нарын областынын Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор-Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды.
Бул факты боюнча Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Меню