Menu

Кумсалар

Кыргызстанда ЛГБТ пропагандасына тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Документке ылайык, үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарды жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилелерди пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү маалыматтар балдарга зыян келтирүүчү маалымат болуп эсептелет.

Мыйзам балдарды өз өмүрүнө кол салууга, маңзат, чылым колдонууга, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, кумар оюндарын ойноого, сойкулук жана тилемчилик менен алектенүүгө түртө турган маалыматтарга тыюу салат.

Документке ылайык, мындан тышкары “укукка каршы жүрүм-турумду актоого”, ошондой эле уят сөздөрдү камтыган, порнографиялык мүнөздөгү жана адамдар менен жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга түртө турган маалыматтарды жайылтууга болбойт.

Буга чейин саясат таануучу Медет Төлөнөнов Kloop басылмасына берген маегинде Кыргызстанда орус мыйзамдарын алуу процесси жүрүп жатканын билдирген. Ошол эле маалда ал Кыргызстандагы ЛГБТ-пропаганда тууралуу мыйзам Орусиядагыдай кеңири жазылбаганын кошумчалаган.

Басылма ал макаласында акыркы жылдары Кыргызстанда бийликтин саясий каршылаштарын каралоо үчүн гей-тематикасы көп колдонула баштаганын белгилеген.

Меню