Menu

Кызганыч

Ысык-Атада кызганычтан улам аялынын мурунку күйөөсүн бычактаган жаран кармалды

Кечээ, 19-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Ивановка айылдык ооруканага Гидростроитель айылынын тургуну 1984-ж.т. С.В. аттуу жаран бычактан бир нече жаракат алып, оор абалда түшкөн.
Бул факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышты 1967-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран жасагандыгы аныкталып, окуя боюнча, жарандык жубайын кызганып жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап бычак менен бир нече жолу денесине сайып жибергени айтып берди.
Жабырлануучу жарандык аялдын мурунку күйөсү экендиги аныкталган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Тергөө амалдары улантылууда.

Кызганычтан улам бирге жашаган аялын бычактап, башын кесип ыргыткан жаран кармалды

21-июнь күнү Жайыл районунун милициясына Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги арыкта аялдын башы жок жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге жетип барган милициянын ыкчам иликтөө тобу зомбулук менен өлтүрүлүп, башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан. Андан аркы иликтөө маркум 1975-жылы туулган А.А. аттуу аял экендиги аныкталган. Ал эми аны өлтүрүүгө  маркумдун бирге жашаган жарандык күйөөсү, 1976-жылы туулган  К.Н. аттуу жаран  шектелип издөөгө алынган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында шектүү К.Н. Жалал-Абад облусуна качып кеткени такталып, ал жакка издөө жарыяланган. Жалал-Абад облустук милициясы шектүү К.Н. кармап, Жайыл райондук милициясына өткөрүп берген.

Колго түшкөн шектүүнүн айтымында, ал бирге жашаган аялын башка бир эркекке кызганып, ага 10 жолу бычак сайып, кылмыштын изин жашыруу максатында башын кесип алып жерге көмүп салган да калган денесин андан 200 метр ары, Кара-Балта шаарындагы арыктардын бирине таштап салган.

Шектүү К.Н. азыр Жайыл райондук милициясынын абагына жеткирилип, кылган күнөөсүн толук мойнуна алып, аялдын башын каякка көмгөнүн көрсөтүп берди.  Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Меню